абдумалик шерматов биография и личная жизнь дети

Абдумалик шерматов биография и личная жизнь дети

№275 8-14-февраль, 2008-ж.

Бир кездердеги кош жылдыздын бир жылдызы Абдумалик Шерматовдун өткөн турмушу, учурдагы жашоосу эч бир адамды кайдыгер калтырбаса керек. Бул адамдын кыргыз шоу-бизнесинде “жарк” этип бир көрүнүп, кайра жоголуп кетмейи бар. Анын сыңарындай, эки жыл мурун 12 күндүк концерт коём деп чамынган Аб­думалик Шерматов бүгүн кайра пайда болду.

абдумалик шерматов биография и личная жизнь дети. 2 007. абдумалик шерматов биография и личная жизнь дети фото. абдумалик шерматов биография и личная жизнь дети-2 007. картинка абдумалик шерматов биография и личная жизнь дети. картинка 2 007.«ТАМЕКИ ЧЕККЕНДИ ҮЧ ЖАШЫМДА ҮЙРӨНГӨМ»
– Мен 1965-жылы 30-январда Өзгөн районунун Кароол айылында төрөлгөм. Апам ыраматылык өтө көп төрөгөн экен, алардан тогузубуз азыр тирүүбүз. Мен ортончусумун. Апам 40 жыл мектепте мугалим болуп иштеп жүрүп акыркы кызын төрөгөндө, 38 жашында гана диплом алган. Атам ыраматылык болсо жоош киши болчу, колхоз-совхоздордо жооптуу кызматтарда иштеп жүрдү. Мен кичинекей кезимде өтө шок болгом. Тамеки тартканды үч жашымда эле үйрө­нүп алыптырмын. Бир музыкант агай бар эле, ошол тамеки тартканда тамекиси жок болгонго чейин көзүмдү албай карап тура берчү элем да, бүчөгүн ыргытаары менен чуркап жетип барып, жерде жаткан бүчөктү алып тартып калчумун. Мына ушундай жол менен үйрөнгөн жоругум мектепти бүткөнгө чейин калган жок. Бирок, аябай акжолтой, сабакты тийип-качып окуганым менен кароо-сынактардан калбаган бала элем. Акжолтой дегенимдин себеби, базарга алма сатканы барабызбы, күрүч сатканы барабызбы, апам ар дайым менин ээрчитип алчу. Кичинекей болуп алып: “Подходи, народ, свой огород. Половина сахар, половина мёд!”- деп кыйкыра берсем, элдин баары бизден келип алып, алып барган нерселерибизди тез эле сатып жиберчүбүз.

«ГУЛЯГА ҮЙЛӨНГӨНҮМДӨ, УШУЛ УБАККА ЧЕЙИН АНЫ МЕНЕН ЖАШАСАМ КЕРЕК ЭЛЕ»
– Биздин маалда “аскерге барбаган эркек – эркек эмес” деген түшүнүк бар эле. Мектепте окуп жүргөндө аскерге барып келген чоң балдардын “аскерге барганда айдоочу болсоң жакшы, чоң солдаттардан таяк жебейсиң. ” деген сөздөрүн кулагыма түйүп алып, 8-класста мектептен кошумча сабак алып, машина айдаганды үйрөндүм. Анда да ачкычы жок машиналарды зым менен жүргүзүп айдап кетип калып мугалимдердин жинине тийчүмүн. абдумалик шерматов биография и личная жизнь дети. 2 002. абдумалик шерматов биография и личная жизнь дети фото. абдумалик шерматов биография и личная жизнь дети-2 002. картинка абдумалик шерматов биография и личная жизнь дети. картинка 2 002.
Ошентип, мектепти бүтөөрүм менен аскерге алынып, Россиянын Ульяновск областында кызмат өтөдүм. Шоопурлукту үйрөнгөнүм ырас болгон экен, айткандай эле биздин командир өзүнө шоопур кылып алды. Курсагым ток, кыйынчылык жок, командир кайда болбосун, мен ошол жактамын. Бир күнү өзү бир кыз менен тааныштырып калды. Ошол жерде дүкөндө иштеген мени менен тең Гуля аттуу казак кызы экен. Экөөбүздүн бат эле мамилебиз жакын болуп кетти. Дүкөнүнө барсам мени солдат деп аяп колбаса бере коёт, нан бере коёт. Арадан көп убакыт өтпөй эле Гуля экөөбүз­дүн мамилебиз сүйүүгө айланып кетсе болобу. Аябай жакшы кыз болчу. Ошондо эле Гуляга үйлөнгөнүмдө, ушул убакка чейин ошол менен жашасам керек эле.
– Анда эмнеге ага үйлөнгөн жок элеңиз?
– Үйлөнөлү деп айткам. Бирок, ал макул болгон эмес. Менин кызмат өтөө мөөнөтүм бүткөндө «алып кетейин» десем, “сен али жашсың, келечегиң алдыда. Сен дагы көп жакшы кыздарга жолугасың” десе, мен дагы “аа, мейли анда” деп келе бериптирмин.
– Кийин кабарлашып турдуңуздарбы?
– Кабарлашып турчубуз. Кийин Гуля башка жакка кетип калыптыр. Ошол боюнча аны жоготуп койдум.

«ШАЙЫРДЫ КӨРГӨНДӨ ЭЛЕ АЛАМ ДЕДИМ»
абдумалик шерматов биография и личная жизнь дети. 2 00333. абдумалик шерматов биография и личная жизнь дети фото. абдумалик шерматов биография и личная жизнь дети-2 00333. картинка абдумалик шерматов биография и личная жизнь дети. картинка 2 00333.– Аскерден келген соң апам “юрист болосуң” деп Фрунзеге ээрчитип келди. Документтерди тапшыралы деп барсак, ал күнкү кабыл алуу бүтүп калыптыр. “Эртең келебиз” деп кетип баратсак, жолубуздан апамдын бир таанышы чыгып калды. Экөө ал-жайды сурашкан соң баягы аял: “Москвадан комиссия келип, Щепкин атындагы театралдык окуу жайга бул жактан таланттуу балдарды кабыл алып жатат. Баса, бул балаңды ошол жакка алып барбайсыңбы, актёр болот”,- деди эле, апам чочуп: “Ок! Менин балам артист болбойт. Аныңды угузба”,- деди. Мен актёр деген сөздү толук түшүн­бө­сөм да ээлигип: “Ошол жакка тапшырып, актёр болом”,- деп жер тепкилеп туруп алдым. Апам “юрист болосуң” дейт, мен “актер болом” дейм, акыры апам көндү окшойт. Эртеси кабыл алууга келсем, ырдатып- бийлетип көрүштү да, дароо эле “алабыз” дешти. Биринчи жубайым болгон Шайыр Касымалиеваны алгачкы жолу ошол жерден көргөм. Көрдүм да, дароо эле “ушул кыз окууга өтсө, сөзсүз ушуну алам” деп ойлодум. Эркекмин да, анын жигити барбы, күйөөсү барбы, мени кызыктырбайт. Айткандай эле мен, Шайыр болуп он үч адам окууга өтүп, Москвага жөнөп кеттик. Барган күндөн тартып эле Шайырдын сумкасын көтөрүп, ары басса да, бери басса да жанынан чыкпай калдым. Ырас, Шайырга ашык болгон башка жигиттер да бар эле. Бирок, мен баарынан өзгөчө мамиле жасап, кыскасы, Шайырдын жүрөгүн багындырып алганга жетиштим. Ошентип, барганыбызга төрт ай боло электе, башкача айтканда, декабрь айында экөөбүз баш кошуп алдык. Анда мен 20 жашта, Шайыр болгону 18 жаш­та эле. Үй­лөн­гөн соң э­көө­бүз көрбөгөн күн калган жок. Күндүзү окуп, сабактан кийин көрүнгөн жерде кароолчу да болуп иштедик, ашканаларда иштедик. Элестеткен коркунучтуу, бир чети бактылуу көз ирмемдер.абдумалик шерматов биография и личная жизнь дети. 2 004. абдумалик шерматов биография и личная жизнь дети фото. абдумалик шерматов биография и личная жизнь дети-2 004. картинка абдумалик шерматов биография и личная жизнь дети. картинка 2 004.
Ошентип, бир жылдан соң кызыбыз Мээрим төрөлдү. Аны каникулга келгенде Шайырдын апасына таштап коюп, өзүбүз Москвага барып окуубузду улант­тык. Ал убакыт аралыгында мен «Мосфильмде» алгачкы ролумду жаратканга жетиштим. Ал эми окуубузду бүткөндө биздин сүйүү­бүз да кошо бүттү. Башкача айтканда, төрт жыл жашап Шайыр экөө­бүз ажырашып кеттик. Мен ал кезде “адамдын сырткы сулуулугунун ичине баары камтылган” деп ойлочумун. Көрсө, жаңылган экенмин.
– Ошондогу наристе кызыңыз Мээрим азыр бой жетип, «жакында турмушка чыкты» деп уктук. Тоюна бардыңызбы?
– Мээрим экөөбүз ошондон бери эле ата-бала катары кадимкидей катташып жүрчүбүз. Турмушка чыгып жатканын угуп, тоюна бардым. “Атасы келди” деп баары жакшы кабыл алышты. Кызым да сүйүнүп калды. Атүгүл тойдун камылгасы боюнча Шайыр экөө­бүз кеңешип, колумдан келишинче жардам берип аталык милдетимди аткардым. Куда-кудагыйлар менен да тааныштым.

абдумалик шерматов биография и личная жизнь дети. 2 005. абдумалик шерматов биография и личная жизнь дети фото. абдумалик шерматов биография и личная жизнь дети-2 005. картинка абдумалик шерматов биография и личная жизнь дети. картинка 2 005.«ДИНАРАГА ЖОЛУГУП КАЛГАНЫМА ӨКҮНӨМ»
– Москвадан келип «Жаштар» театрында иштеп калдым. Жаңыдан чыгып келатышкан ырчылар Айчүрөк Иманалиева, Алина Жетигенова, Динара Акуловалар да ошол жакта иштешчү. Динарага ошол жактан жолуктум. Менин уюштуруучулук жөндөмүм ошондо эле башталып, чыгармачылыктын ой-кырларын жакшы түшүнө элек ошол ырчыларды гастролго алып чыгып келген да жайым бар. Көп өтпөй Динараны ал жактан сууруп чыгып, “Динара” тобун ачып бердим. “Өз атымдан койбойм, уят го. ” деп топтун атынан бир топко чейин уялып жүрдү. Анан “Динара” эстрада тобу аз-аздан популярдуулукка көтөрүлө берди.
Ошентип, ортодо бир жарым жыл бойдок жүргөнүмдөн соң Динара Акуловага баш коштум. Бирок, Динарага жолугуп калганыма мен өкүнөм. Ошентсе да экөөбүз тогуз жыл жашап коюптурбуз. Кудайга шүгүр, Малика аттуу кыздуу болдук.
– Малика менен кабарлашып турасызбы?
– Динара ушул жерден чоң катачылык кетирди. Кызымдын фамилиясын Акулова деп өзүнүн фамилиясына өткөрүп алыптыр. Менин кызым экени жалган эмес да. Дагы бир катасы – кызым экөөбүздү такыр сүйлөштүрбөй жатат. Ошондуктан, Малика менен бир жылдан бери сүйлөшө элекмин.

абдумалик шерматов биография и личная жизнь дети. 2 006. абдумалик шерматов биография и личная жизнь дети фото. абдумалик шерматов биография и личная жизнь дети-2 006. картинка абдумалик шерматов биография и личная жизнь дети. картинка 2 006.«ЗАРЕМА МЕНИ КУЛАГЫ МЕНЕН СҮЙГӨН ЭКЕН»
– Динара менен ажырашкан соң Россияга кетип калган элем. Үчүнчү жубайым Зарема менен ошол жактан таанышкам. Ал менден 18 жашка кичүү. Чүйдүн кызы. Экөө­бүз­дүн эки эркек, бир кызыбыз бар. Улуу уулубуз Аль-Малик-Аль-Адиль биринчи класска барып калды. Ортончубуз Аль-Малик-Аль-Султан 5 жашта, кызыбыз Аль-Малик-Аль-Шэмаля үч жашта. Үйбүлөнү кармап калуу аялдан көз каранды экен. Бул балдарымдын апасы Зарема мени жүрөгү менен эмес, кулагы менен сүйгөн экен. Башкача айтканда, ар кандай ушактар биздин турмушубузду башка нукка буруп салды.

«ҮЙБҮЛӨМӨ КӨЗ ТИЙЕТ, АНДЫКТАН, АЛ ТУУРАЛУУ ЭЧ НЕРСЕ АЙТПООНУ ЧЕЧТИМ»
– Сизди дайыма ушак ээрчип жүрөт эмеспи. “Кош жылдыз – Беш жылдыз” тобундагы бир кызды алыптыр” деген сөз сиз жөнүндөгү айтылган кезектеги ушакпы же чындыгы барбы?
– Менин досторум, туугандарым деле тамашалап: “Абдумалик, азыр канчанчы аялың менен жашап жатасың? Деги сенин канча балаң бар?”- деп калышат. Мен Кудай буюрса, дагы жүз аял алып, жүз бала жаратам. Кудай буюрбаса, бир да бала жарата албайм. Үйбүлөңдү баарына жарыя кыла берсең, көз тийет экен. Ошондуктан, мен эми үйбү­лөм тууралуу эч нерсе айтпоону чечтим.
– Сизди “беш маал намазга жы­гылып жатытыр” да деп жатышат.
– Жакында эле Россияда жүргөн күндөрүмдүн биринде мага Кыргызстан тараптан суук шамал ургандай болду да, өзүмдөн-өзүм эле намаз окуй баштадым. Көрсө, ал суук шамалдын келгени – бул жакта мен жөнүндө “өлүп калды” деп ушак чыгарып жиберишкен экен. Өмүрүм узун болот экен. Ошондон бери намазды калтырбай окуп жатам. Жаман эмес, Кудайым мени колдоп жатат.
– Концертке даярданып жаткан турбайсызбы.
– Азыр жер-жерлерде окуучулар арасында жүрүп жаткан конкурстар менен чуркап жүрөм. Кудай буюрса, ушул конкурстун финалы март айында Спорт Ордосунда өтөт.
– Мындан эки жыл мурунку концертиңиздин аягына чыкпай калганынын себебин ошондо өзүңүз сизди милиция кызматкерлери кармап кеткени менен түшүн­дүргөн элеңиз. Бул жолку кон­церт­­те андай коркунуч кү­түл­­бөйбү?
– Мен азыр Кудайдан башка эч кимден коркпойм. Эгер кармап кетсе, мени карматкан адамдын ким экенин мен беш колумдай билем. Мен эми ошол адам менен керек болсо атышканга чейин барам. Андыктан, кооптоно турган эч нерсе жок. Мен азыр концертке катуу даярдык көрүп жатам.

Маектешкен Азиза Сатимбекова

«Супер-Инфо» гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу «Супер-Инфо» гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Источник

Абдумалик шерматов биография и личная жизнь дети

№773 25-31-август, 2017-ж.

абдумалик шерматов биография и личная жизнь дети. 22.4. абдумалик шерматов биография и личная жизнь дети фото. абдумалик шерматов биография и личная жизнь дети-22.4. картинка абдумалик шерматов биография и личная жизнь дети. картинка 22.4.Белгилүү ырчы Абдумалик Шерматов 15-август күнү милиция кызматкерлери тарабынан алдамчылыкка шектелип кармалды. Милицияга арыз менен кайрылган жабырлануучу эки жылдан бери карызын кайтарып ала албай жүргөнүн айтса, бул ишти ырчынын жакындары куру
доомат дешүүдө.

«АЛДАМЧЫЛЫК БОЮНЧА КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛГОН»

Окуя боюнча Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынын башчысы Адыл Оморов буларды айтты:
абдумалик шерматов биография и личная жизнь дети. 22.2. абдумалик шерматов биография и личная жизнь дети фото. абдумалик шерматов биография и личная жизнь дети-22.2. картинка абдумалик шерматов биография и личная жизнь дети. картинка 22.2.– Үстүбүздөгү жылдын 22-майында Бишкек шаарынын тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Арызда 2015-жылы Абдумалик Шерматов аттуу жаран жабырлануучунун ишенимине кирип, концерт уюштуруу үчүн деп 690 миң сом карызга алып, ушул күнгө чейин бербей жүргөнү айтылган. Анын арызынын негизинде териштирүү иштери жүргүзүлүп, 2-июлда Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (алдамчылык) боюнча иш козголгон. Шектүү жаран 15-август күнү кармалып, соттун чечими менен тергөө абагына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

«АКЧАМДЫ КАЙТАРСА, ТОСМО АРЫЗ ЖАЗЫП БЕРГЕНГЕ ДАЯРМЫН»

Абдумалик Шерматовдун үстүнөн арыз жазган адам атын атагысы келбеди. Ал шектүү менен 2011-2015-жылдары тыгыз байланышта болгонун билдирди. Ал Абдумалик Шерматовдун үстүнөн өзүнөн башка дагы 5 жаран арыз жазганын айтты:
– Абдумалик Шерматов 2015-жылы 50 жылдык мааракесин өткөргөнү жатканын айтып, менден карызга акча сураган. Улам бөлүп-жарып отуруп, баш-аягы 800 миң сомдой акча алып, «дароо кайтарам» деп убада берген. Бирок кийин айткан сөзүнө турбай, телефонун албай, изин суутуп качып кеткенинен айла жок, милицияга кайрылууга туура келди. Менден башка дагы 5 адам Шерматовдун үстүнөн алдамчылык фактысы менен арыз жазышкан. Ага жамандык каалап, каматып жиберейин деген деле оюм жок. Болгону өзүмө тиешелүү акчаны өндүрүп алайын деп жатам. Учурда мага Абдумаликтин алысыраак тууганы келип, тосмо арыз жазып берүүмдү суранып жатат. Акчамды толугу менен кайтарып беришсе, тосмо арыз жазып берүүгө даярмын.
Шерматов учурда эки көзү көрбөгөн, эки балалуу, никеси бар Айнагүл Абасова деген келин менен жашап, анын майыптыгынан пайдаланып, кайрымдуулук концерттерин өткөрүү менен акча жасап, келинди алдап жүрөт. Айнагүлдүн жолдошу Темиркул аялын кайтарып аларына көзү жетпесе да, балдарын көрүүгө эки көзү төрт. Айласы кеткен ал кимге кайрыларын билбей менден жардам сурады. Азыр ага укугун коргоп, расмий никелешкен аялынан балдарын алып бере турган жакшы юрист керек.

«ЖАКЫНДА АКТАЛЫП ЧЫГАТ ДЕГЕН ЖАКШЫ ЖАҢЫЛЫК КҮТҮП ОТУРАМ»

Аты аталган Айнагүл Абасовага байланыштуу кептин чын-бышыгын билүү максатында ага байланыштык:
– Көзү көрбөгөн адамдын жашоосу кандай кыйын болорун сөз менен айтып жеткире албайм. 24 жашка чыкканда жолдошум менен таанышып, 1 ай сүйлөшкөн соң баш коштук. Экөөбүз Шамалды-Сай шаарчасында бир кампада жашап калдык, бир уул, бир кыздуу болдук. 2016-жылы 11-мартта Маданият үйүндө элдик таланттардын музыкалык кароо-сынагы болуп, ал жерге ырдайын деп бардым. Ошол жерден Абдумалик агай менен таанышкам. Агайдан колдоо сурадым, ошондон баштап «ырдасаң жардамдашам» деп мени райондук, облустук сынактарга алып барып жүрдү.
Мени колдоо максатында 2016-жылдын декабрь айында Бишкекте кайрымдуулук концертин өткөрдүк, бирок ал жактан каражат түшкөн жок. Бул убакытта жолдошум жанымда жүрдү, бирок арак иче баштаганынан Абдумалик агай «Арак ичкенди коюп үй-бүлөңдү бакпайсыңбы?!» деп урушуп, экөө айтыша кетишкен. Жолдошум ошондо айылга кетип калды. Андан кийин телефон аркылуу сүйлөшүп турчубуз.
Биз Аксы районун кыдырып мектептерге концерт бере баштадык. Эл айтып жаткандай, агай менин акчамды алдап алган жок. Ар бир сомуна чейин «мынча сом бензинге кетти, бул суммага муну кылдым» деп айтып турчу. Анын үстүнө концерт койгон топто канча адам иштейт, алардын жеп-ичкени, жаткан-турганына, иштеген акысына акча кетет да. Ошентип чогулткан каражатыбызга 2017-жылдын январь айында Кара-Балта шаарынан 3 бөлмөлүү батирди жарым акчасын берип сатып алдык. Көзүм көрбөсө, мага дайыма колдоо керек да, ал жардамды мага агай көрсөтчү. Уулум 6 жашта, кызым 1,5 жашта, учурда экөө тең сыркоолоп, дары берип каралашкан киши жок кыйналып жатам.
Күнүмдүк тамак-ашка концерттен эле акча табабыз да, 14-август күнү Бишкектин четиндеги Таш-Дөбө айылына (Воронцовка) барып, эртеси концерт берели деп сүйлөшүп жаңы эле келген Абдумалик агайды милиция кызматкерлери кармап кетишти. Агай антип алдачу адам эмес, ага курулай доомат коюп жатышат. Жакында чыгат, акталат деген жакшы жаңылык күтүп жатам.

«БАЛДАРЫМДЫ САГЫНЫП, КУСА БОЛДУМ»

Айнагүл Абасованын жолдошу Темиркул Асеков келинчегинин бул кылыгына нааразы экенин билдирип, «жок дегенде балдарды кайтарып алсам» дейт:
абдумалик шерматов биография и личная жизнь дети. 22.3. абдумалик шерматов биография и личная жизнь дети фото. абдумалик шерматов биография и личная жизнь дети-22.3. картинка абдумалик шерматов биография и личная жизнь дети. картинка 22.3.– Жубайым былтыр Абдумалик Шерматовдун таланттарды тандоо сынагына катышып, ырдап калды. Келинчегимдин көзү азиз болгондуктан, аны коштоп жүрүү үчүн алардын жанында болдум. Шерматовдун Бишкекте үйү бар деп ойлогонбуз, көрсө, андай эмес экен. Ошентип жайдын күнү балдар менен ээрчишип алып Шерматовдун унаасында жана көчөдө жалпысынан 1,5 ай жашадык. Концерт, той-топурларга катышып жүргөн алардын ишинен улам ортодо пикир келишпестиктер жаралып, Шерматов мени урушуп, сөгө баштады. Башында унчукпай жүрдүм, анан чыдамым кеткенде үйгө жеткирип коюусун сурангам. Ошентип, былтыркы жылдан бери үй-бүлөмдү көрө элекмин.
Кайрымдуулукка деп мурда эле банктан эсеп ачкан болчубуз. Ал жерде элден чогулган үй алабыз деген
400 миң сом акчабыз бар эле. Кийин сураштырсам, ал банктык эсепти да Бишкекке которуп кетишиптир. Мага кийин кайра «алып кетели, биз менен чогуу жүр» деп келишти. Бирок мен баргым келген жок. Азыр Айнагүл «мурда мени ичип келип урчу» деп айтып жатат. Мен анын чекесине чертчү эмесмин. Абдумалик менин көзү көрбөгөн аялымды акча табуу үчүн пайдаланып, мени үй-бүлөсүз калтырды.
Азыр эми эки бала көзү көрбөгөн апасы менен кандай турмуш көрүп жатышат деп кейийм. Аларды эптеп өзүмө алдыртып алсам бир туугандарым багып каралашат эле. Бала-чакамды сагынып, кыйналып кеттим.

Источник

Абдумалик шерматов биография и личная жизнь дети

№774 1-7-сентябрь, 2017-ж.

абдумалик шерматов биография и личная жизнь дети. 15.111. абдумалик шерматов биография и личная жизнь дети фото. абдумалик шерматов биография и личная жизнь дети-15.111. картинка абдумалик шерматов биография и личная жизнь дети. картинка 15.111.Үстүбүздөгү жылдын 15-август күнү белгилүү ырчы Абдумалик Шерматов алдамчылыкка шектелип милиция кызматкерлери тарабынан кармалган. 28-августта тосмо арыздын негизинде тергөө абагынан чыгарылган ырчы болуп өткөн окуя тууралуу маек курду.

– Саламатсызбы, Абдумалик агай? Башыңыздан жагымсыз окуя өттү, арты жакшылык болсун. Айтсаңыз, сиздин үстүңүздөн арыз жазган адамга кандайча карыз болгонсуз?

– Рахмат! Баары артта калды. Менин үстүмдөн арыз жазган 2011-жылдан 2017-жылдын февралына чейин чогуу жашаган жубайым Анара Шерматова. Анара деген псевдонимди мен тандап бердим эле, сахнага ылайыктап. Өзүнүн аты-жөнү Адашкан Жусупова. 2014-жылы өлкө боюнча гастролго чыктым. Анткени 2015-жылы 50 жылдыгымды белгилемекпиз. 2015-жылы 8-мартта Бишкекте Спорт Ордосунда 50 жылдык концертимди бердик. Андан кийин Анара «юбилейлик кечеңди ресторанда өткөрүп берем» дегенинен «кымбат болуп калат го» десем болбой койду. Гастролдон чогулткан акчаны бергенден кийин ресторанга 190 миң сомдой карыз болуп калдык. Жубайым «калганын өзүм төлөп коём, менден белек болсун» деген. Эми ошол сумманы көбөйтүп жатпайбы.
Убагында мен «Айнагүлдүн (ред.: Абасова) үй-бүлөсүнө колдоо көрсөтөлү» десем, Анара макул болбой койгон. Анараны жамандагандык эмес, бирок ушунча нерсе айтылгандан кийин бир эле мен күнөөлүү эмесмин да, медалдын экинчи тарабы бар. Мен кайрымдуулукту токтотпой андан ары ишимди уланттым.
Айнагүлгө үй алып берели деп ар жерлерде концерт коюп, түшкөн акчага үй алып бердим. Үй аларыбыз менен Айнагүлдүн күйөөсү Темиркулга чалдым, «кел, үй-бүлөң менен чогуу жаша, балдарыңды кара» деп, келбей койду. Андан кийин да каякка барбайлы чакырып жаттык, келген жок. Күйөөсү ичкенин, балдарын уруп-сокконун өз көзүм менен көрдүм.

– Айнагүл эженин жолдошу Темиркул Асеков « Абдумалик Шерматов го чейин эле Айнагүлгө кайрымдуулук эсеби ачылып, анда 400 миң сом бар болчу» деп жатат.

– Туура, эсебинде ошол сумма бар экен. Биз ал акчаны Айнагүлгө ыр жаздырдык, форма тиктирдик. Калганына машина алып бергем. Эгер 1 сомун мен ашыкча жесем Айнагүл «согуш» чыгармак. Менин максатым – үй алып берип, буларды өзүнчө бөлүү болчу. Бирок «нике кыйдырып алыптыр, алдаптыр» деп көп сөз чыгарып жиберишти. Эми ушул сөздөрдүн өтөсүнө чыгам, нике кыйдырып байбиче кылып балдарын жакшы карайм, буюрса.

абдумалик шерматов биография и личная жизнь дети. 15.2. абдумалик шерматов биография и личная жизнь дети фото. абдумалик шерматов биография и личная жизнь дети-15.2. картинка абдумалик шерматов биография и личная жизнь дети. картинка 15.2.
– «Машинасын бергени үчүн тосмо арыз жазып бердим, калгандарын бөлүп төлөйм деп тил кат жазды» дейт арыз ээси.

– Анара Айнагүлдүн машинасын тартып алды. Куру доомат кылышты да. Ал эми анын жанында кошулуп жүргөндөргө мен эмес, алар мага карыз. 4 гектарга жетчү үрөндүк картошка алышкан. Эгер Анара ойлонсо, менин атымдын арты менен жылдыз болгон, аны жылдыз кылыш үчүн 3-4 миллион сомдой коротком.

– Сизге карыз болсо, арыз жаздыңызбы?

– Жазайын дедим, анан алар тосмо арыз жазганга макул болгондо кайра жазбай калдым. Алардын убалына калгым келген жок.

– «Бул куру доомат эмес, бардык документтер бар» деп жатышат го.

– Документтер турганы менен, бардык эле үй-бүлө бири-бирине жардам берет да. Табылган, корогон акчага аялы-күйөөсү бирдей жооп берет дегендей.

– Кылмыш иши толугу менен жабылдыбы?

– Тергөө иштери так аткарылышы үчүн 2 жума тергөө абагында отурушум керек экен. Мен тополоңчу эмесмин, мыйзамга баш ийип отуруп чыктым. Керекпи, дүйнөнүн 80 пайыз адамы абакка отуруп чыккан. Иш сотко жеткен жок, тосмо арыздан соң жабылды.

– Бул окуяга байланыштуу кызыңыз Маликанын да аты аралашып жүрөт.

– Малика төрөлгөнүнө 22 жыл болду. Биз Динара (ред.: Акулова) менен Малика 1 жашка чыкканда ажырашканбыз. Ошондон бери мен анын тарбиясына аралашкан жокмун.
1-2 жолу жолукканбыз, ошол бойдон телефон аркылуу эле байланышып турабыз. Малика жакшы жолго барабы, жамангабы, апасынан көргөнүн жасайт. Кызга апасы тарбия бериш керек. Мага бир жолу Динара чалды «кызың баш бербей жатат» деп. Айттым «баш бербесе мен тарбияладымбы, сенин жаныңда жүрөт го. Менин жанымда жүрүп ушундай кылса чыбык сынмак. Кызды жакшы кара, тарбиясын бузуп аласың» дегем.

– Машинага байланыштуу ызы-чууда Малика менен байланыштыңызбы?

– Телефон чалып «кызым, эмне болду?» десем, «ата, мени алдап кетишти» дейт. «Эгер сени алдап кеткен болсо алар менен катуу сүйлөшөм. Менден кандай жардам керек?» десем, «ата, баарын апам чечип жатат. Эч нерсенин кереги жок, рахмат» деди. Бул жерде менин, Динаранын душмандары бирикти. Кызым деле чоңойду, аны да көрө албагандар бар. Эптеп жардан түртүп ийгилери келди. «Күлгөнгө күлө жетермин» деген сөз бар, баарыбыз абайлашыбыз керек.

Андан кийинки суроону Айнагүл Абасовага узаттым:

– Айнагүл эже, «Абдумалик агай чыкса экен» деп жакшы жаңылык күтүп жаттыңыз эле.

– Ооба. Буюрса, аман-эсен чыкты. Мурда эле Казакстан, Орусиядан бери кыдыртып эл-жер көргөзүп келген. Эми «көзүңдү дарылатса болорун билели, эгер болсо Израилге алып барам» деп жатат.

– «Тил катта көрсөтүлгөн калган акчаны мен төлөп берем дедим» деп айттыңыз.

– Мен көзү азиз болгондон кийин 24 саат бою камкордукка муктажмын. Агай жок аябай кыйналдым. Ал «мен албаган акчаны эмнеге төлөйм?» деп айтканынан, «агай, андай акчанын далайын табабыз. Негизгиси сиз чыгып мага жардам бериңиз» деп сурандым. Октябрь
РИИБинин алдында бир топ адам турган элек, ашказаным ооруп бир-эки жолу көңүлүм айланды. Ошол жакта тургандар «сен кош бойлуу экенсиң» деп өздөрү жыйынтык чыгарып коюшту. Теңелбей, унчукпай койсом, ал ушак баарына тарап кетиптир. Эми баары жакшы болот деп үмүттөнөм.

«Супер-Инфо» гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу «Супер-Инфо» гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..

Источник

Абдумалик шерматов биография и личная жизнь дети

№773 25-31-август, 2017-ж.

абдумалик шерматов биография и личная жизнь дети. 22.4. абдумалик шерматов биография и личная жизнь дети фото. абдумалик шерматов биография и личная жизнь дети-22.4. картинка абдумалик шерматов биография и личная жизнь дети. картинка 22.4.Белгилүү ырчы Абдумалик Шерматов 15-август күнү милиция кызматкерлери тарабынан алдамчылыкка шектелип кармалды. Милицияга арыз менен кайрылган жабырлануучу эки жылдан бери карызын кайтарып ала албай жүргөнүн айтса, бул ишти ырчынын жакындары куру
доомат дешүүдө.

«АЛДАМЧЫЛЫК БОЮНЧА КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛГОН»

Окуя боюнча Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынын башчысы Адыл Оморов буларды айтты:
абдумалик шерматов биография и личная жизнь дети. 22.2. абдумалик шерматов биография и личная жизнь дети фото. абдумалик шерматов биография и личная жизнь дети-22.2. картинка абдумалик шерматов биография и личная жизнь дети. картинка 22.2.– Үстүбүздөгү жылдын 22-майында Бишкек шаарынын тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Арызда 2015-жылы Абдумалик Шерматов аттуу жаран жабырлануучунун ишенимине кирип, концерт уюштуруу үчүн деп 690 миң сом карызга алып, ушул күнгө чейин бербей жүргөнү айтылган. Анын арызынын негизинде териштирүү иштери жүргүзүлүп, 2-июлда Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (алдамчылык) боюнча иш козголгон. Шектүү жаран 15-август күнү кармалып, соттун чечими менен тергөө абагына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

«АКЧАМДЫ КАЙТАРСА, ТОСМО АРЫЗ ЖАЗЫП БЕРГЕНГЕ ДАЯРМЫН»

Абдумалик Шерматовдун үстүнөн арыз жазган адам атын атагысы келбеди. Ал шектүү менен 2011-2015-жылдары тыгыз байланышта болгонун билдирди. Ал Абдумалик Шерматовдун үстүнөн өзүнөн башка дагы 5 жаран арыз жазганын айтты:
– Абдумалик Шерматов 2015-жылы 50 жылдык мааракесин өткөргөнү жатканын айтып, менден карызга акча сураган. Улам бөлүп-жарып отуруп, баш-аягы 800 миң сомдой акча алып, «дароо кайтарам» деп убада берген. Бирок кийин айткан сөзүнө турбай, телефонун албай, изин суутуп качып кеткенинен айла жок, милицияга кайрылууга туура келди. Менден башка дагы 5 адам Шерматовдун үстүнөн алдамчылык фактысы менен арыз жазышкан. Ага жамандык каалап, каматып жиберейин деген деле оюм жок. Болгону өзүмө тиешелүү акчаны өндүрүп алайын деп жатам. Учурда мага Абдумаликтин алысыраак тууганы келип, тосмо арыз жазып берүүмдү суранып жатат. Акчамды толугу менен кайтарып беришсе, тосмо арыз жазып берүүгө даярмын.
Шерматов учурда эки көзү көрбөгөн, эки балалуу, никеси бар Айнагүл Абасова деген келин менен жашап, анын майыптыгынан пайдаланып, кайрымдуулук концерттерин өткөрүү менен акча жасап, келинди алдап жүрөт. Айнагүлдүн жолдошу Темиркул аялын кайтарып аларына көзү жетпесе да, балдарын көрүүгө эки көзү төрт. Айласы кеткен ал кимге кайрыларын билбей менден жардам сурады. Азыр ага укугун коргоп, расмий никелешкен аялынан балдарын алып бере турган жакшы юрист керек.

«ЖАКЫНДА АКТАЛЫП ЧЫГАТ ДЕГЕН ЖАКШЫ ЖАҢЫЛЫК КҮТҮП ОТУРАМ»

Аты аталган Айнагүл Абасовага байланыштуу кептин чын-бышыгын билүү максатында ага байланыштык:
– Көзү көрбөгөн адамдын жашоосу кандай кыйын болорун сөз менен айтып жеткире албайм. 24 жашка чыкканда жолдошум менен таанышып, 1 ай сүйлөшкөн соң баш коштук. Экөөбүз Шамалды-Сай шаарчасында бир кампада жашап калдык, бир уул, бир кыздуу болдук. 2016-жылы 11-мартта Маданият үйүндө элдик таланттардын музыкалык кароо-сынагы болуп, ал жерге ырдайын деп бардым. Ошол жерден Абдумалик агай менен таанышкам. Агайдан колдоо сурадым, ошондон баштап «ырдасаң жардамдашам» деп мени райондук, облустук сынактарга алып барып жүрдү.
Мени колдоо максатында 2016-жылдын декабрь айында Бишкекте кайрымдуулук концертин өткөрдүк, бирок ал жактан каражат түшкөн жок. Бул убакытта жолдошум жанымда жүрдү, бирок арак иче баштаганынан Абдумалик агай «Арак ичкенди коюп үй-бүлөңдү бакпайсыңбы?!» деп урушуп, экөө айтыша кетишкен. Жолдошум ошондо айылга кетип калды. Андан кийин телефон аркылуу сүйлөшүп турчубуз.
Биз Аксы районун кыдырып мектептерге концерт бере баштадык. Эл айтып жаткандай, агай менин акчамды алдап алган жок. Ар бир сомуна чейин «мынча сом бензинге кетти, бул суммага муну кылдым» деп айтып турчу. Анын үстүнө концерт койгон топто канча адам иштейт, алардын жеп-ичкени, жаткан-турганына, иштеген акысына акча кетет да. Ошентип чогулткан каражатыбызга 2017-жылдын январь айында Кара-Балта шаарынан 3 бөлмөлүү батирди жарым акчасын берип сатып алдык. Көзүм көрбөсө, мага дайыма колдоо керек да, ал жардамды мага агай көрсөтчү. Уулум 6 жашта, кызым 1,5 жашта, учурда экөө тең сыркоолоп, дары берип каралашкан киши жок кыйналып жатам.
Күнүмдүк тамак-ашка концерттен эле акча табабыз да, 14-август күнү Бишкектин четиндеги Таш-Дөбө айылына (Воронцовка) барып, эртеси концерт берели деп сүйлөшүп жаңы эле келген Абдумалик агайды милиция кызматкерлери кармап кетишти. Агай антип алдачу адам эмес, ага курулай доомат коюп жатышат. Жакында чыгат, акталат деген жакшы жаңылык күтүп жатам.

«БАЛДАРЫМДЫ САГЫНЫП, КУСА БОЛДУМ»

Айнагүл Абасованын жолдошу Темиркул Асеков келинчегинин бул кылыгына нааразы экенин билдирип, «жок дегенде балдарды кайтарып алсам» дейт:
абдумалик шерматов биография и личная жизнь дети. 22.3. абдумалик шерматов биография и личная жизнь дети фото. абдумалик шерматов биография и личная жизнь дети-22.3. картинка абдумалик шерматов биография и личная жизнь дети. картинка 22.3.– Жубайым былтыр Абдумалик Шерматовдун таланттарды тандоо сынагына катышып, ырдап калды. Келинчегимдин көзү азиз болгондуктан, аны коштоп жүрүү үчүн алардын жанында болдум. Шерматовдун Бишкекте үйү бар деп ойлогонбуз, көрсө, андай эмес экен. Ошентип жайдын күнү балдар менен ээрчишип алып Шерматовдун унаасында жана көчөдө жалпысынан 1,5 ай жашадык. Концерт, той-топурларга катышып жүргөн алардын ишинен улам ортодо пикир келишпестиктер жаралып, Шерматов мени урушуп, сөгө баштады. Башында унчукпай жүрдүм, анан чыдамым кеткенде үйгө жеткирип коюусун сурангам. Ошентип, былтыркы жылдан бери үй-бүлөмдү көрө элекмин.
Кайрымдуулукка деп мурда эле банктан эсеп ачкан болчубуз. Ал жерде элден чогулган үй алабыз деген
400 миң сом акчабыз бар эле. Кийин сураштырсам, ал банктык эсепти да Бишкекке которуп кетишиптир. Мага кийин кайра «алып кетели, биз менен чогуу жүр» деп келишти. Бирок мен баргым келген жок. Азыр Айнагүл «мурда мени ичип келип урчу» деп айтып жатат. Мен анын чекесине чертчү эмесмин. Абдумалик менин көзү көрбөгөн аялымды акча табуу үчүн пайдаланып, мени үй-бүлөсүз калтырды.
Азыр эми эки бала көзү көрбөгөн апасы менен кандай турмуш көрүп жатышат деп кейийм. Аларды эптеп өзүмө алдыртып алсам бир туугандарым багып каралашат эле. Бала-чакамды сагынып, кыйналып кеттим.

абдумалик шерматов биография и личная жизнь дети. 22.1. абдумалик шерматов биография и личная жизнь дети фото. абдумалик шерматов биография и личная жизнь дети-22.1. картинка абдумалик шерматов биография и личная жизнь дети. картинка 22.1.

Алтынай Тынышова,
Асыл Орозбекова
koom@super.kg

«Супер-Инфо» гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу «Супер-Инфо» гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Источник

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *