алыкул осмонов биография на кыргызском языке

Алыкул Осмонов — өмүр баяны

Кыргыз поэзиясынын өкүлү, таланттуу акын Алыкул Осмонов — 1915-жылы Панфилов районуна караштуу Каптал-Арык айылында туулган.

Алыкул Осмонов кыргыз элинин алгачкы жазма акындарынын эң ири өкүлдөрүнүн бири. Жаштайынан томолок жетим калып, Токмок балдар үйүндө тарбияланат. Мына ушул жерде адабий китептерге өтө кызыгып, өз алдынча ыр жазып баштайт.

14 жашында Фрунзе педагогикалык техникумга кирип 1928 – 1933-жж. окуйт. Ал жакта адабий ийримдерге катышып, орустун белгилүү жазуучуларынын чыгармалары менен таанышат.

1930-жылы «Сабаттуу бол» гезитинин сентябрь айындагы санында биринчи жолу «Кызыл жүк» деген ыры басылып, адабий тушоосу кесилет. Ушундан баштап анын ырлары гезит, журналдарга үзбөй жарыяланат. 1933-жылы техникумду бүткөндөн тартып, ал биротоло чыгармачылыктын артынан түшөт. Дүйнөлүк адабияттын мыкты үлгүлөрүн үзбөй окуп, билимин, тажрыйбасын тереңдетет.

Алыкул 1938-жылы 9-апрелде СССР Жазуучулар союзунун мүчөлүгүнө өткөн. 1950-жылы Москвада орус тилинде жарык көргөн «Мой дом» аттуу ырлар жыйнагы адабият боюнча Сталиндик сыйлыктын талапкерлигине көрсөтүлгөн.

«Ленинчил жаш» гезитинде, «Чабуул» журналында иштеген. Кийин акындын бир нече ырлар жыйнагы басмадан жарык көргөн. Оригиналдуу акындык жүзү 1945-жылы чыккан «Махабат» аттуу жыйнагынан таасын көрүнгөн. Акындын поэтикалык жеңиши менен эстетикалык принциптери «Жаңы ырлар», «Менин жерим — ырдын жери», «Ата журт» жыйнактарында дагы бекемделген. Бул жыйнактар кыргыз поэзиясын мурда болбогон реалисттик жаңы табылгалар, терең философиялык мазмун менен байыткан.

Алыкул Осмонов 1935-1950-жылдар аралыгында ондон ашык ыр китептердин ээси болду. «Таңдагы ырлар», «Жылдыздуу жаштык», «Чолпонстан», «Махабат», «Жаңы ырлар», «Менин жерим — ырдын жери» деген жыйнактары жарык көрдү. «Мой дом» аттуу ырлар жыйнагы 1950-жылы Москвадан орус тилинде басылды. Бул китеп жалпы союздук окурмандар тарабынан жылуу кабыл алынып, акындын атагын алыска таратты.

Кыргыз фольклоруна кайрылып, аларды кайрадан иштеп чыгуу боюнча да көп эмгектенген. Балдар адабиятына кошкон салымы чоң. Мындан сырткары, чоң котормочу экендигин дагы көрсөттү. Пушкиндин «Евгений Онегин», Крыловдун тамсилдерин, Шекспирдин «Он экинчи түн», «Отелло» трагедиясын, Шота Руставелинин «Жолборс терисин жамынган баатыр» жана башка авторлордун чыгармаларын кыргыз тилине которгон. Ошондой эле, бир нече драмаларды жаратты. Көптөгөн ырларына обондор жаралды.

Калемдеш жана замандаштарына караганда Алыкул Осмоновдун таланты да, тагдыры да бөлөкчө. «Кудайга миң мертебе калп айтса да, ырына миң мертебе калп айта албаган» бул акын өзүнүн керемет поэзиясы менен адамдардын жүрөгүнө жашоонун не бир ажайып сулуулугун, кымбаттыгын жеткире алган. Алыкул өз өмүрүн ырсыз элестете алган эмес. Ошондуктан өмүрүнүн акырына чейин поэзияны ыйык туткан. Кудурети күчтүү табияттан анын сураганы да бир гана нерсе эле. Ал ыр болчу:

Мен турмушта сараң, ачкөз эмесмин,
Өктөө кылып: «Ай, аз бердиң», — дебесмин.
Байлык, үй-жай, ден соолуктан ардактуу,
Мага берсе, эки сабак ыр берсин.

Осмоновдун акындык жана адамдык сапатын мына ушул төрт сап ыр эле аныктай алат. Ал өмүр бою бул шертинен тайган жок. Улуу адам кайталангыс таланты менен өзүн өлбөс кылып жаратат. Алыкул да ошондой таланттардын катарына кирет.

Бар бололу, түгөнбөйлү, курдаштар,
Узак, узак, узак болсун бул сапар.
Кылым бүтүп, дүйнөдөн жок болсок да,
Кайра кайтып жолугушчу жолдор бар.

Менин күнүм өлбөсүнө түңүлбөйт,
Толкун урса тайызына сүрүлбөйт.
Тирүүлүктө жоктугуна жол бербей,
Жер түбүндө чирисе да, бир гүлдөйт.

Акындын бир нече жыйнактары, поэмалары жана балдарга арналган чыгармалары орус, англис, эстон, казак тилдерине которулуп, төрт ыры япон тилиндеги «Дүйнөлүк акындар» альманахына кирген.

Ошондой эле, анын чыгармалары орто мектептерде, жогорку окуу жайларда кеңири окутулат. Өмүрү, чыгармачылыгы боюнча көптөгөн адабий, публицистикалык жана илимий эмгектер, китептер жазылуу менен кыргыз адабият тарыхында Алыкул таануу багыты улам кеңири кулач жайган.

Алыкулдун айрым чыгармалары табышмактуу сөздөрдү камтыганын байкоого болот. Профессор Осмонакун Ибраимов акындын табышмактуу сырлары боюнча бир катар пикирлерин айтып чыккан. Анын айтымында Алыкул Осмоновдун чечиле элек сыры — анын саясатка болгон мамилеси. Акын аттуунун баары жабыла партияны, Ленин менен Сталинди асман-айга теңеп ырдап жаткан мезгилде Алыкул дээрлик үн каткан эмес. Учур саясатын же жакшы, же жаман дебей, негизинен түбөлүктүү темаларды жазган.

«А бирок суроо туулат: Касым Тыныстанов атылып, кыргыздын нечен мыктылары дайынсыз жок болуп кеткен катаал заманды Алыкул укпадыбы, көрбөдүбү? Же көрсө да көрмөксөнгө салдыбы? Бул табышмактуу чоң суроо. Жок, көрсө Алыкул баарын көрүп, баарын сезиптир, нечен түйшөлүптүр, бирок бороон-чапкындуу каар заманды ачык публицистиканын тили менен эмес, Эзоптун тили менен, метафоранын тили менен, каймана образ жана салыштыруулар менен так да, даана да кылып ачып бериптир», — дейт професссор Осмонакун Ибраимов.

Айрыкча «Ата Журт» деген ырда Алыкул замандын портретин абдан эле элестүү жана жеткиликтүү кылып берген:

Жылуу кийин, жолуң кыйын үшүүрсүң,
Кыш да катуу бороон улуп, кар уруп…
Суугуңду өз мойнума алайын,
Жол карайын, токтой турчу, Ата Журт!

Жазда башка жел тийбесин абайла,
Көпкө турбас мобул турган сур булут.
Бүт дартыңды өз мойнума алайын,
Сен ооруба, мен ооруюн, Ата Журт!

Түндөр жаман кырсык салып кетпесин,
Наалат келип, ат тизгинин шарт буруп…
Азабыңды өз мойнума алайын,
Из карайын, токтой турчу, Ата Журт!

Жазда башка жел тийбесин абайла,
Көпкө турбас мобул турган сур булут.
Бүт дартыңды өз мойнума алайын,
Сен ооруба, мен ооруюн, Ата Журт!

«Кыштын катуу», «жолдун кыйын» болуп турганы, «түндөр жаман», «жаз да башка» экендиги, заман оорлоп, асманды «сур булут» каптап тургандыгы — абдан күчтүү тартылган заман портрети, мезгил сүрөтү. Мактоо эмес, сындоо. Бул ыр 1948-жылы, башкача айтканда Сталиндик репрессиянын экинчи толкуну башталып жаткан кезде, Т.Саманчин, Т.Байжиев, З.Бектенов «Манас» эпосу үчүн камакка алынып, саясат катуулап, заман чын эле сурданып турган кезде жазылганын эскерте кетели. Демек ал саясатты да жазган, бирок элчилеп ураалаган эмес, тескерисинче, абдан кооптонгонун, дагы кандай заман болуп кетет деп чочулаганын жогорудагыдай метафоралардын, символдордун, тереңге катылган коддордун тили менен жазган. Бул боюнча Осмонакун Ибраимов чыгармаларын терең изилдеп ушундай пикирге келген.

Улуттук сөз өнөрүнүн бүгүнкүсү менен эртеңкиси туурасында ойлонуу, өзүнө талап коюу А.Осмоновду көп нерсеге милдеттендирди. Ошондуктан мурдагы жазгандары такыр жакпай, өз жараткандарын өзү жериди. Нечен толгонуудан кийин басмага даярдаган ырларынын жаңы жыйнагын өрттөп да жиберди. Бул үчүн чоң жүрөк, ашкере баатырдык керек эле. Алыкулда андай касиет, сапаттардын баары бар болчу. Анын чыгармачылыгынын бурулуш учуру да дал ушул жылдарга туура келди. Бирок ажал ач колун сунуп, өлүм жакындап, суусу түгөнө берди. Көзү өткөндөн кийин, 1964-1967-жылдары чыгармаларынын үч томдугу жарык көрдү. 1984-1986-жылдары ырлары, котормолору, поэмалары менен драмалары кайрадан үч томго топтоштурулду.

1988-жылы Бишкектеги №68 мектепке, 1990-жылы №9 китепканага акындын ысымы ыйгарылган. Кыргызстанда жалпысынан 20га жакын мектеп, тоо чокусу (4060м) жана бир кемеге Алыкулдун ысымы ыйгарылган. А.Осмоновдун алтымыштан ашык ырларына обон чыгарылып, М.Убукеев, Л.Турусбекова, С.Ишенов сыяктуу кинорежиссерлор акын тууралуу тасма тартышкан. 1986-жылы Кыргызстан улуттук жазуучулар союзу Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыкты жана жаштар арасында жыл сайын өтүүчү «Алыкулдун Акбозат» поэзия майрамын уюштурган.

Сыйлыктары. «Ардак белгиси» ордени (1938-ж), «1941–1945-жж. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилиндеги каарман эмгеги үчүн» медалы менен (1946-ж) сыйланган. 1967-жылы Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын №1 лауреаттык күбөлүгү ыйгарылган.

Ашкере айкөл, ташкындаган таланттын туз-насиби 35 жылга гана өлчөнгөн экен.

Залкар акын 1950-жылы 12-декабрда дүйнө салган.

Источник

Ымыркайында апасынан ажырап. Улуу акын Алыкул Осмонов тууралуу 8 факты

Кыргыз поэзиясынын классиги, улуу акын Алыкул Осмонов узакка созулган оорунун азабынан жарык дүйнө менен 69 жыл мурун кош айтышкан. Мезгил эрте алганы менен акындын ырлары азыркыга чейин таасирин, касиетин жоготпой келет.

Sputnik Кыргызстан агенттиги 35 жылдык өмүрүнө карабастан артына эбегейсиз мурас калтырган алп акын тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Ымыркай кезинде апасынан ажыраган. Алыкул Осмонов 1915-жылы 21-мартта табиятка жаңы дем берген Нооруз менен кошо Кара-Балтадагы Каптал-Арык айылында жарык дүйнөгө келген. Ата-энеси Осмон менен Алтын колунда жок карапайым адамдар эле. Кайгылуу турмуш болочоктогу акын үчүн эрте эле башталып, ымыркай кезинде апасынан, жашы үчкө келгенде атасынан ажырайт. Ошентип эки бир тууганы менен бирге бараар жери жок жетимге айланат. Жарытылуу кийимге, курсак тойгузган тамакка жетпей, суукта калган күндөрүндө тагдырдын дагы бир соккусуна кабылып кургак учук оорусу жабышат. Бой жетпей азапка тумчуккан Алыкулга 1925-жылы гана баш калкалоочу жай табылат. Туугандары аны Токмоктогу балдар үйүнө тапшырышат.

Балдар үйүндө тарбияланган. Алыкул Осмонов үчүн балдар үйү жылуулук жана мээрим тартуулаган экинчи үйгө айланат. Бул жер аны жатканга жер, ысык тамак гана эмес, татыктуу билим менен да камсыз кылат. Чала болсо да орус тилин үйрөнгөн зирек бала окуу жайдын белдүү окуучуларынын катарында эле. Мурда билбеген дүйнөлүк жазуучулардын китептери менен таанышып, руханий дүйнөсүн, акындык талантын өнүктүрөт. Алгачкы ыры да дал ушул жердеги окуучулардын дубал гезитине чыгат. Анан тарбиячысы Грунья Савельевна менен таанышат. Ата-эне сүйүүсүн татпаган бала үчүн тарбиячысы чыныгы коргоочуга айланат. Акын Грунья Савельевнадан көргөн жардамын өмүр бою унутпай, ага арнап бир нече ыр жаратат. Алыкул өз үйүнө айланган балдар үйү жана энесинин ордун толтурган тарбиячысы менен 1929-жылы коштошот.

алыкул осмонов биография на кыргызском языке. 1033298725. алыкул осмонов биография на кыргызском языке фото. алыкул осмонов биография на кыргызском языке-1033298725. картинка алыкул осмонов биография на кыргызском языке. картинка 1033298725.

Оорусу окуусуна кедергисин тийгизет. Осмонов Токмокту артта калтырып, жогорку окуу жайга тапшыруу үчүн Фрунзе шаарына келет. Борбор калада замандын эң маанилүү окуу жайы болгон педагогикалык техникумга тапшырат. Бул жерде Райкан Шүкүрбеков, Мидин Алыбаев сыяктуу адабиятка шыктуу, таланттуу жаштар менен бирге окугандыгы анын чыгармачылыкка кызыгуусун дагы да арттырат. Бирок күн-түн дебей жазган ырларын курдаштарына көрсөтүүдөн тартынат. Анткени эмгектеринин көбү ата-энесине болгон кусалыгы, оор тагдыры тууралуу эле. Ошентип 1930-жылы «Сабаттуу бол» гезитине «Кызыл жүк» ыры чыгат.

алыкул осмонов биография на кыргызском языке. 1044024273. алыкул осмонов биография на кыргызском языке фото. алыкул осмонов биография на кыргызском языке-1044024273. картинка алыкул осмонов биография на кыргызском языке. картинка 1044024273.

Ырларына ичи чыкпаган акын. Эки жылга жакын убакыттын ичинде жазган ырлары эл арасына тарап, таанымал акынга айланат. 1935-жылы талыкпаган эмгегинин натыйжасы катары «Таңдагы ырлар» деген биринчи жыйнагы жарык көрөт. Анын ичине акындын алгачкы поэмасы «Ок жаңылды» да камтылган эле. Ага улай 1937-жылы «Жылдыздуу жаштык» жана «Чолпонстан» жыйнактары чыгат. Дале болсо калеми жетиштүү курчуй элек жаш акындын бул жылдары жазган ырлары көбүнчө төкмө акындардыкындай жамакка жакын эле. Мындан улам анын ырларын окурмандар сүйүп окуса да, акындын өзүнүн ичи чыкпайт. Бирок эмгеги жогорку жактан да татыктуу бааланып, 1938-жылы Жазуучулар союзуна мүчөлүккө кабыл алынып, ага кошумча Ардак грамота менен сыйланат. Өз эмгектерине сын көз караш менен караган бул инсан 1945-жылдан кийинки чыгармачылыгына гана ичи жылыган. Өзү да бул мезгилди чыгармачыл жактан жетилген, бышкан убагы экендигин белгилеген жайы бар. Чындыгында эле Улуу Ата Мекендик согуш аяктагандан кийинки беш жыл Осмонов үчүн жемиштүү мезгилге айланат. Алгач 1945-жылы жубайы Зейнеп Сооронбаева менен болгон оош-кыйыштуу жашоосу тууралуу «Махабат» жыйнагы чыгат. 1947-жылы ырлар жана поэмаларды камтыган «Балдар үчүн», «Менин жерим — ырдын жери» жана «Жаңы ырлар» жыйнактары жарык көрөт. Ошондой эле орус тилинде жазылган «Мой дом» жыйнагы адабият тармагындагы Сталиндик сыйлыкка талапкер болот.

алыкул осмонов биография на кыргызском языке. 1032957417. алыкул осмонов биография на кыргызском языке фото. алыкул осмонов биография на кыргызском языке-1032957417. картинка алыкул осмонов биография на кыргызском языке. картинка 1032957417.

Акындын ашыгы Айдай. Алыкул Осмонов үйлөнгөнгө чейин жашоосунда бардыгынан жогору коюп, чын дилинен махабатын арнаган кыз болгон. Акын аны күндөлүгүнө, сүйүү ырларында «А» деген ат менен жазып, алгачкы жолу сүйгөн айымы катары белгилеп, экөөнүн чогуу өткөргөн күндөрүн өмүрүндөгү эң бактылуу мезгил катары эсептеген. Замандаштары анын жүрөгүн алган кыздын чыныгы ысымы Айдай Жигиталиева экендигин айтышат. Акындын күндөлүгүнө баам салсак, акын сүйүктүүсү менен 1937-жылдын башталышын — Жаңы жылды чогуу тосконун жазган. «Кубанычтуу жолугушуу кандай. Аны канчалык көп көрсөң, ошончолук сугуң артат. Ошончолук жүрөгүңдөн от жалындап күйөт. Андан соң «Наталка Полтавканы» үч киши барып көрдүк. Көңүлдүү олтурдук. Жолдо турмуш жөнүндө сүйлөштүк». Бул ошол эле жылдын январь айынын ортосунда жазганы. Бирок экөөнүн махабаты көпкө узабай, 1938-жылы май айында ашыктар бири-биринен кол үзөт. Акын ажырашуунун чыныгы себебин өзү да билген эмес. Экөөнүн эки ача жолго түшкөнү тууралуу көп түркүн божомол кептер айтылат. Алардын бирине караганда, ошол кездеги каада-салтка ылайык, Айдайды ата-энеси башка бирөөгө кудалап беришкен экен. Алардын көңүлүн кыя албай башканын колун кармаган жаш кыз төрөттөн кийин көз жумат. Алыкул күйүтүн ыр жана иш менен басууну чечип, күн-түн дебей жазып, аны менен бирге белгилүү «Жолборс терисин жамынган баатыр» поэмасын которууга катуу киришет.

алыкул осмонов биография на кыргызском языке. 1031478198. алыкул осмонов биография на кыргызском языке фото. алыкул осмонов биография на кыргызском языке-1031478198. картинка алыкул осмонов биография на кыргызском языке. картинка 1031478198.

алыкул осмонов биография на кыргызском языке. 1032398200. алыкул осмонов биография на кыргызском языке фото. алыкул осмонов биография на кыргызском языке-1032398200. картинка алыкул осмонов биография на кыргызском языке. картинка 1032398200.

Источник

Кайра кайтып жолугушчу жолдор бар! Алыкул Осмоновдун кеп казынасы

Сөз атасы болуп, ойлордун туу чокусун кармаган кеменгерлердин айткандарын «Кеп казына» аркылуу тартуулап келебиз. Бул ирет классик акын Алыкул Осмоновдун учкул кептерин сунуштайбыз. Илип алам дегендерге күмүш сырга болсун.

Алыкул Осмонов 1915-жылы Панфилов районуна караштуу Каптал-Арык айылында туулган. Токмоктогу балдар үйүндө тарбияланып, ошол жерде адабий китептерге кызыгып, өз алдынча ыр жазып баштайт. 14 жашынан тарта Фрунзе педагогикалык техникумунда билим алган. Ал жакта адабий ийримдерге катышып, орустун белгилүү жазуучуларынын чыгармалары менен таанышат.

алыкул осмонов биография на кыргызском языке. 1032957272. алыкул осмонов биография на кыргызском языке фото. алыкул осмонов биография на кыргызском языке-1032957272. картинка алыкул осмонов биография на кыргызском языке. картинка 1032957272.

Алыкул Осмонов 1935-1950-жылдар аралыгында ондон ашык ыр китептердин ээси болот. «Таңдагы ырлар», «Жылдыздуу жаштык», «Чолпонстан», «Махабат», «Жаңы ырлар», «Менин жерим — ырдын жери» деген жыйнактары жарык көргөн. «Мой дом» аттуу ырлар жыйнагы 1950-жылы Москвадан орус тилинде басылып, окурмандар тарабынан жылуу кабыл алынган.

Залкар акын 1950-жылы 12-декабрда 35 жашында дүйнө салган.

Алыкул Осмоновдун поэзия казынасынан:

Ырас, өмүр кандай кыска, кандай аз…
Тагдыр ошол, өлчөмүнөн көп кылбас.
Бирок чиркин аздыгына мейли эле,
Анын октой тездигине катат баш.

Токточу өмүр, токточу өмүр, токтой тур!
Көзүң чуңкур, өңүң кансыз, сары сур.
Тил албассың, жоголо бер, кете бер,
Сенден күчтүү, сенден өжөр бул учур.

Бар болгула, түгөнбөйлү, курдаштар,
Узак, узак, узак болсун бул сапар.
Кылым бүтүп, дүйнөдөн жок болсок да,
Кайра кайтып жолугушчу жолдор бар.

Кеткен кетти, өткөн өттү бирдеймин,
Кечтим дайра агымынын миңдейин.
Кемибеген кенч экен го тирүүлүк,
Кенч дебесем анан аны не дейин?

Калган калды, бирин көзгө илбеймин,
Бастым ашуу, тайгак жолдун миңдейин.
Шаан-шөкөт, той экен го тирүүлүк,
Той дебесем анан аны не дейин?
Жашоо чиркин, бир тамшаным нерсе экен,
Кант жедимби, бал жедимби, билбеймин.

Шамал айдап көлдүн киргил көбүгүн,
Кашка суудай мөлт дей түшкөн өмүрүм,
Жыл айланып, өткөн сайын жаштык күн
Улам сулуу, улам ысык көрүндүң.

…Сүйүү деген — сүйүү эмес эринден,
Сүйүү деген — от чачышуу жүрөктөн…

Бул турмушта нечен бекем издер бар,
Добул уруп, сел жүрсө да кетпеген.
Не бир нечен, не бир эстүү адамдар
Дайрадан кең акыл менен жетпеген.

Источник

Алыкул Осмонов

Жазуучулук баяным

Мен жазуүчулукка бала күнүмөн ынтызар элем. 1927-жылы, он үч жашымда кайсыдыр бир окуу китебине басылып чыккан «Жайлоо » деген (авторун билбейм) аңгемеге ашык болгонумду унутпайм. «Эне тил» сабагынан бере турган Артыкбай Жолдошев деген мугалим ошол ацгемени бизге окуп берди да: (жаз чыгып келе жаткан мезгил эле) «Жакында жайлоого чыгасыңар, кайра күз келгенге чейин ушул өңдөнгөн аңгемени жаза келгиле «деди. «Чын эле кантип жазам»деген ой мени аябай эңсетти.

Аңгыча жай бүтүп күз келди. Баягы аңгеме дагы эле эсимде. Бирок жазууга күчүм жетпестигин билип турам. «Мага бир күч пайда болсо да, бир дегенче жаза койсом» — деген санаа түшөт. Күзгү окуу башталды. «Эми мугалимге эмне дейм», — деп кайгырам, бирок муталимибиз ал аңгеме тууралуу ооз ачкан да жок.

1929-жылы мен 1925-жылдан бери окуп жүргөн Токмок шаарындагы интернаттын дубал газетасына биринчи ырым чыкты. Ошол кезден баштап жазуу ишине көңүл кое баштадым.

1929-жылы Фрунзедеги педагогия техникумуна келип кирдим. Ал кезде мындагы окугандардын көпчүлүгү адабиятка шыктуу эле, мени ого бетер кызыктырып, бир жагынан сүрдөнтүп жүрдү.

Ошол убактан баштап: Пушкин, Лермонтов, Лев Толстой, Тургенев, Некрасов, Гоголдун аттарын уга баштадым жана казак классиги Абай Күнанбаевдин ырларын окуп жүрдүм. Kөп убактарда китептерден, дубалдын боорунан ал жазуучулардын портреттерин көрө баштадым. Өз ичимден: «Эң эле улуусу Лев Толстой, анан Тургенев, Некрасов, Гоголь, эң кичүүлөрү (баласы) Пушкин менен Лермонтов го»деп коем. Себеби, кимиси сакалдуу болсо, ошонусу мурун жашаган экен деп ойлоп жүрөм! Кийин талдап окуй келгенде «бала жазуучу» деп ойлогондорум (Пушкин) баарынан илгери жашап жана орус адабиятын ошолор негиздеген экен. Мени бул окуя көпкө чейин айраң калтырып жүрдү.

1929-жылдын кышындабиринчи жолуА. С. Пушкиндин «Зимний вечер» деген ырын котордум. Албетте, ал эң начар которулган болсо керек, бирок жолдошторумдун «сонун экен» деген мактоосу мени аябай уялтты. Аларга көрүнбөй качып кеттим.

Ошол жылы, кышында дубал газетага Уултай деген кыз тууралу жазган какшык ырым чыкты.

1930-жылдын сентябрь айында «Сабаттуу бол» деген республикалык газетага «Кызыл жүк» деген ырым чыкты. Ал ырды окуп алып ошол түнү кубанганымдан уктабай чыктым. Газетаны катып коюп, күнүгө он жолу окуйм. Эртеси дагы бирди жазып алпардым, анан дагы… дагы… Сабак маалында да, бош убагымда да жазам.

Кийинчерээк башка газеталарга, анан айрым альманахтарга, «Чабуул» аттуу журналдарга ырларым чыгып жүрдү. Кезек-кезек драм кружогу үчүн пьеса жана декломация жазам.

Аңгыча кыргыздын ошол кездеги көрүнүктүү акындары менен тааныша баштадым. Эң биринчи эле Жусуп Турусбеков менен жакын болдум. Бир күнү ошол акынга ыр алпарып берсем, окуду да «сенин ырларың дурус экен, мен Аалы Токомбаевге айтайын жана эмки жекшембиде окуучуларды чогултуп тур, мен барып жыйналыш өткөрөм» дей салды. Көп узабай А. Токомбаев менен жолугуштум, ал кишиден да мактоо угуп аябай кубандым. Айткан күнү техникумда мен тууралуу «Мактоо жыйналышы» болду. Жусуп Турусбеков ошол кездеги эреже боюнча мени жалаң гана мактоого тундурду. Ошол жылы (1931-жылы) кышында «Ленинчил жаш» газетасына менин чыгармам тууралуу айрым полоса уюштурушту.

1932-жылы ооруп айылга кеттим, кайра кайтканда ошол кездеги жазуучулар союзунун терагасы А. Токомбаев мага жакшы жардам кылып, «Чабуул» журналына орноштурду. Бул мезгил менин болочогумдун чечкиндүү жылы эле. Себеби, эгержурналга орношпой калсам, айылга кетмекмин…

1935-жылы «Таңдагы ырлар» деген биринчи ырлар жыйнагым чыкты. Анын ичинде «Ок жаңылды» деген биринчи поэма да бар. 1932-1935-жылдардын аралыгында көп окуп, көп жаздым. Кээде таң агарып атканга чейин ыр жазган күндөрүм болгон.

1935-1936-жылдар чыгармачылыгымдын артка кеткен жылдары болду. Анткени турмуштан аябай четтеп, шаардын тар рамкасында болуп, жалаң окуган китептер боюнча жазып калдым. Ошол жылдары чыккан «Жылдыздуу жаштык » деген экинчи китебим эң начар, колго алгыс китеп болду.

Бул жылдарда мен көбүнчө которуу ишине киришип, А. Пушкиндин лирикаларын, 1937-жылы «Балдасын» жана Лермонтовдун лирикаларын, кийинчерээк «Качкын» деген поэмасын, 1936-жылы Иван Крыловдун «Басняларын» («Тамсилдерин») котордум.

1937-жылы Москвага бара жатып да, кайра келе жатып да Шота Руставелинин «Жолборс терисин кийген баатырын» подстрочный котормосун, ал жөнүндөгү кээ бир макалаларды окуп жана ошону которууну ойлодум. Бул санаа мени көп уйкулардан калтырды. «Чоңойдум, эр жеттим, эми бир зор иш кылбасам, менин Алыкул атым кайсы?» дейм. «Эгер бул иш менин колуман келбесе, анда мен чабал акынмын, колумдан эчтеке келбегени» деп ойлойм. Буга кошумча бул укмуштуу поэма мени аябай кызыктырды.

1938-жылдын май айынан баштап ушул улуу поэманы которууга кириштим. Ушул айда мен өмүрүмдө биринчи сүйгөн Айдай Жигиталиева деген кыз менен ажырашкан болчумун. Анын себеби эмне экенин ушул күнгө чейин билбейм. Өз ичимден: «Бул күйүттү ыр менен басуу керек жана өзүмдү таанытуум керек» деп коем да бардык намысым менен иштейм. Поэмадан ажырай албайм, көп убактарда таң атканга чейин олтурам. Окуйм, котором, таңкалам, кубанам. Дүйнөдө мен гана бактылуумун деп ойлойм!

Көбүнчө подстрочный переводдон котором да, ошол кездеги басылып чыккан: Бальмонт, Цагерели, Петренко ж. б. котормолордон пайдаланам. Грузин илимдер Академиясынан чыккан «Шота Руставели» деген илим-изилдөө статъяларынын жыйнагынан пайдаланам. Жай, кыш, күз дем албай иштедим. Себеби анын кызыгы ошондой болду.

Акыры Фрунзеде, Токмокто, Ошто, Москвада жүрүп которуп, 1939-жылдын апрель айында Москва алдындагы Малеевка деген жазуучулардын дачасында бүттүм. Китеп 1940-жылы Казандан басылып чыкты.

Бир жылдан соң айылдан Тариэл, Автандил, Тинатин, Даражан деген жаңы туулган балдардын, кыздардын атын уга баштадым. Демек китеп кыргыз элине жетип жана аябай жаккандыгы билинет…

«Жолборс терисин кийген баатырга» чейин «Чолпонстан» деген ырлар жыйнагым чыккан.

1939-жылдан 1940-жылга чейин аз жаздым, бирок көп, бир топ пессимисттик ырлар жаздым. Кийин 1941-жылы анын баарын өрттөп салдым.

1941-жылы (согуш башталган айдан баштап) согуштук ырлар жаздым. Алар атайы жыйнак болбогону менен, айрым газеттерге, журналдарга орус, кыргыз тилинде (1945-жылга чейин) басылып турду.

1942-жылы «Он экинчи түндү» (Вильям Шекспир) котордум. Баса 1941-жылы «Хосров-Ширинди» (Низами Гянжави) которгом.

Мындан мурунку жыл араларында:

1. Перронун «Жомоктору»,

2. С. Маршактын «Пожары»,

3. Чуковскийдин «Федорина гореси»,

4. «Терт туе» деген китеп

5. В. В. Вересаевдин «Пушкин турмушу» дегени ж. б. мен тарабымдан которулган болучу.

1945-жыл менин жеке өмүрүмдүн жана чыгармачылыгымдын бышкан мезгили деп ойлойм.

Ушул жылы (1945) «Махабат» аттуу ырлар жана поэмалар жыйнагым, 1947-жылы «Менин жерим — ырдын жери» деген ырлар жыйнагым чыкты.

1945-46-жылдар ортосунда В. Шекспирдин «Отеллосун» котордум.

Мындан башка 1947-жылы «Экинчи бригада » деген ыр менен жазылган пьесамы бүттүм. Андан мурда (1942-жылы) «Ким болду экен » деген бир актылуу пьеса жазгам.

1947-жылы Чолпон-Ата боюнда жатып «Ракыя » деген пьесаны жана «Корукчу Кооман» деген ыр менен жазылган комедияны бүттүм.

Ошентип, 1930-жылдан баштап ушул күнгө чейин — басылган китептерим жана пьесаларым булар:’

1. «Таңдагы ырлар» — ырлар жана поэмалар

2. «Жылдыздуу жаштык » — ырлар

3. «Чолпонстан» — ырлар

4. «Махабат » — ырлар жана поэмалар

5. «Жаңы ырлар» — ырлар жана поэмалар

6. «Менин жерим — ырдын жери» — ырлар

8. «Балдар үчүн — ырлар

9. «Жок, андай эмес (1 актылуу пьеса)

10. «Экинчи бригада» (4 актылуу ыр менен жазылган пьеса)

11. «Ракыя» — (4 актылуу пьеса)

12. «Корукчу Кооман » (3 актылуу ыр менен жазылган комедия)

13. А. С. Пушкин. Лирикалары жана «Поп жана анын малайы Балда».

14. М. Ю. Лермонтов. Лирикалары жана «Качкын»‘ деген поэмасы.

16. В. В. Вересаев. «Пушкиндии турмушу».

17. Чуковский. «Федорино горе».

19. Крылов «Тамсилдер».

Күн чыгыш классиктеринен:

20. Шота Руставели. «Жолборс терисин кийген баатыр «.

21. Низами Гянжави. «Хосров-Ширин».

Күн батыш классиктеринен:

23.Вилъям Шекспир. «Он экинчи түн».

24.В. Шекспир. «Отелло».

Булар 1947-жылдын июль айына чейин жазылган жана которулган эмгектер.

28/VII 1947 Чолпон-Ата

Источник

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *