бакиров эрбол максатбекович биография
Чемпион Эрбол Бакировдун атасы: «Үй-бүлөбүз менен спортко жакынбыз. Бош болсок эле залга барып машыгабыз»
Бүгүн, 21-сентябрда Словакияда өткөн грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпиондугунда жеңишке жеткен балбандар мекенибизге кайтып келди. Дүйнө чемпиондугунда алтын медалды тагынган Эрбол Бакиров жана коло медалды уткан Акжол Махмудовду «Манас» эл аралык аэропортунда жакын туугандары, достору жана күйөрмандары тосуп алышты. Тосуп алгандардын арасында Жогорку Кеңештин депутаты, Эрбол Бакировдун атасы Максатбек Эгембердиев дагы болду.
Максатбек Эгембердиев SUPER.KG порталына өзү да спортчу экенин, уулунун беттештерин түз эфирде көргөнүн айтып берди.
«Мен өзүм спортчумун, СССРдин спорт чебери жана Кыргыз өлкөсүнүн эмгек сиңирген машыктыруучусу болом. Бул сезимдерди, сен өстүргөн спортчу жеңишке жеткенде машыктыруучунун жана ата-эненин абалы кандай болорун жакшы билем. Ошондуктан баламдын беттештерин көрүп жатканда кандай кемчиликтер, катачылыктар болот жана кайсы багытта иштеши керек деп анализдеп карап отурдум.
«Негизи балам үчүн гана эмес, бардык кыргыздан чыккан спортчулар үчүн күйөрмандык кылам. Күйөрман мекендешин карап отурганда абдан толкунданат. Ал «Кыргыздын жигиттери утса, кыргыздын желеги көтөрүлсө, кыргыздын гимни ойнолсо, кыргыз спортчулары дүйнөнү багындырса экен» деп тиленет.
Айта кетсек, грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугу Словакиянын Транава шаарында 17-19-сентябрь аралыгында өтүп, Кыргыз өлкөсүнөн 6 балбан катышкан. Жыйынтыгында Эрбол Бакиров жаштар арасындагы Дүйнө чемпиону болду. Ал эми Акжол Махмудов күрөш боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунун коло медалынын ээси болду.
Акыркы кабарлар
Депутаттын уулу! Дүйнө чемпиону Эрбол Бакиров тууралуу 5 факты
Словакияда Трнава шаарында өтүп жаткан жаштар арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык Эрбол Бакиров алтын медаль тагынды.
Дүйнө чемпиону аталган балбан тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги кызыктуу фактыларды чогултту. Маалыматтарды топтоого чемпиондун апасы Айнура Турабаева жардам берди.
Депутаттын уулу. Эрбол Бакиров Жогорку Кеңештин депутаты Максатбек Эгембердиевдин төртүнчү уулу. Эл өкүлү өзү дагы грек-рим күрөшү боюнча Советтер Союзунун спорт чебери болгон. Депутаттын алты эркек баласы бар. Алтоо тең грек-рим күрөшү менен алектенет. Апасы үй кожойкеси. Мындан сырткары, бул үй-бүлө аймактан келген көптөгөн спортчуларга көмөк көрсөтүп келет.
Жашы. Эрбол Бакиров 19 жашта.
Билими. Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында 3-курста окуйт.
16 жашында спорт чебери аталган. Жаш балбан 3-классынан баштап спортко кызыгуусу артып, грем-рим күрөшүнө барып машыга баштаган. 2016-жылы ал Кыргызстанда өткөн күрөш боюнча чемпионатта 1-орунду багынткан. Андан соң Азия чемпионатына жолдомо алып, ал жактан коло медаль алган. Ошол эле жылы Грузиядагы дүйнө чемпионатына барып, ал жактан да 3-орунга илинип, 16 жашында спорттун чебери болгон. 2018-жылы апрель айында Кыргызстанда өткөн чемпионатта 2-орунду алып, дүйнөлүк мелдешке жолдомо алган. Жаш балбандын агайы — Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу Алтынбек Саалаев.
Таза жеңиш менен чемпион аталды. Эрбол Словакиядагы мелдеште 63 килограмм салмак категориясы боюнча күч сынашып, финалда египеттик Хассан Ахмед Мохамед менен кармашты. Алгач бир упай артыкчылык менен Египеттин балбаны алдыда бара жаткан. Ошол ыргак менен дагы ыкма жасай коем дегенде Бакиров аны далыга басып койгон. Натыйжада күрөштүн биринчи бөлүгү соңуна чыкпай жатып, кыргызстандык болбан таза жеңиш менен алтын алды.
Ал буга чейин америкалык Алстон Жон Нуттерди, армениялык Грачья Погосян жана Россиядан барган Азамат Каировду утуп финалга чыккан болчу. Аларды да таза жеңиш жана упай эсебиндеги чоң айырмачылык менен жеңип алган.

Сын депутата ЖК. Что известно о чемпионе мира по борьбе Эрболе Бакирове
Кыргызстанский борец греко-римского стиля накануне стал обладателем золотой медали чемпионата мира среди молодежи, который проходит в Словакии. Как выяснилось, он является сыном депутата Жогорку Кенеша.
Напомним, в финале соревнований Бакиров легко одолел соперника из Египта, уложив его на лопатки.
Sputnik Кыргызстан решил выяснить подробности биографии новоиспеченного чемпиона. В этом нам помогла его мать Айнура Турабаева.
Сын парламентария. Эрбол Бакиров является четвертым из шести сыновей депутата Жогорку Кенеша Максатбека Эгембердиева, который имеет звание мастера спорта СССР по греко-римской борьбе. Все дети Эгембердиева занимаются борьбой. Кроме того, семья оказывает поддержку многим спортсменам, приехавшим в столицу из регионов.
Возраст. Эрболу Бакирову 19 лет.
Образование. В настоящее время молодой человек учится на третьем курсе Кыргызской государственной юридической академии.
Спортивные достижения. Эрбол начал заниматься греко-римской борьбой, еще учась в третьем классе. В 2016 году он стал чемпионом Кыргызстана и завоевал путевку на молодежный чемпионат Азии, где получил бронзу. В том же году занял третье место на чемпионате мира, а после получил звание мастера спорта КР (в 16 лет). В апреле 2018-го занял второе место на чемпионате страны и таким образом получил путевку на ЧМ в Словакии.
Наставник Бакирова — заслуженный тренер КР Алтынбек Саалаев.
Кстати, мы публиковали материал о многодетных политиках, в числе которых есть депутат Максат Эгембердиев.
Балбан Эрбол Бакиров жаштар арасында дүйнө чемпиону болду (видео)
Кыргызстандык балбан Эрбол Бакиров ушул күндөрү Словакиянын Трнава шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча жаш арасындагы дүйнө чемпионатында алтын байгеге ээ болду. «Биргелешкен күрөш дүйнөсү» уюмунун (United World Wrestling) расмий сайтындагы маалыматка таянсак, грек-рим күрөшүнөн 63 килограммга чейинки салмакта күрөшкөн Бакиров бул мелдеште жалпысынан беш беттеш өткөрдү. Мелдештин алгачкы күнүндө 17-сентябрда АКШ өкүлү Алстон Жон Наттерди (10:0), армениялык Храчия Погосянды (5:1), германиялык Хловелле Ван Майерди (13:3) жеңип жарым финалга чыкты. Жарым финалда орусиялык Азамат Каиров менен таймашып, 4:0 эсебинде жеңишке жетти.
Алтын байге үчүн таймаш бир күндөн кийин өтүп, бул таймашта Бакиров египеттик Хассан Хассан Ахмед Мохаммед менен күч сынашты. Беттештин жүрүшүндө алгачкы бир упайды египеттик балбан алды. Андан соң биринчи айлампа бүтөрүнө саналуу секунда калганда кыргыз балбаны төрт упайлык ыкма жасап, акырында атаандашынын далысын килемге басып, таза жеңишке жетип, дүйнө чемпиону болду.
Эрбол Бакиров менен Хассан Ахмед Мохаммеддин алтын байге үчүн таймашы:
Эрбол Бакиров грек-рим күрөшү боюнча уландар (кадеттер) арасында Азиянын жана дүйнө чемпионаттарынын коло байгелеринин ээси (2016-ж.).
18-сентябрда бул дүйнө чемпионатында алтын медал тагынган Эрбол Бакировдон сырткары кыргызстандык грек-рим күрөшчүлөрдөн эки балбан коло байге үчүн күч сынашты. 55 килограммга чейинки салмактагылар арасында 3-орүн үчүн беттеште Нуртазин Керимберди уулу орусиялык Эмин Севершаевге жеңилди. 77 килограммга чейинки салмакта коло байге үчүн таймашта Акжол Махмудов АКШ балбаны Камал Амеер Бей менен күрөшүп, 8:1 эсебинде жеңди. Махмудов менен Камал Амеер Бей 2017-жылы болгон жаштар арасындагы дүйнө чемпионатынын финалында беттешип, 16:11 эсебинде АКШ спортчусу жеңишке жеткен эле.
17-сентябрда башталган спорттук күрөш боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионаты 23-сентябрга чейин уланат. (ECh/SDz).