бактияр токторов биография национальность семья
Бактияр Токторов: «Буй-буйду» ырдаганда көбү мени ичип алган окшойт дешет экен
1990-жылдан бери популярдуулугун жоготпой, хит ырларды жаратып келген ырчылардан уучубуз куру эмес. Кыргыз эстрадасында өзүнүн ырдоо стили, манерасы, өжөрлүгү менен «Биз» тобунун солисти Бактияр Токторов башкалардан айырмаланып турат.
КР эмгек сиңирген артисти менен журналист Гүлдана Талантбекова маектешти.
— Алгач эле КР эмгек сиңирген артисти наамын алышыңыз менен куттуктайм! Бул сыйлыкты сиз күттүңүз беле?
— Дайыма гүлдүү көйнөк кийип жүрөсүз. Өзүңүзгө жагабы же ырларга ылайыктайсызбы?
— (күлүп) Азыр силерден чыккандан кийин тойго барам. Костюм менен ырдаганда өзүңдү ээн-эркин сезе албай калышың мүмкүн. Мындай көйнөктөрдү базардан эле сатып алам. Азыр курсагым чыгып кетип жакшынакай көйнөктөрүмдү, кооз костюмдарымды кие албай калдым. Билбейм, менде жасалмаалуулук деле жок. Камерага түшөөрдө гримди «алдыгыныңар мен бир тердегенде эле түшүп калат» деп койдурбайм. Чачымды да ак басты, боёбой эле жүрөм. Уялып, тартынуу деген менде жок. Өзүмдүкүн бербеген көк бет окшоймун.
— Бизден кийин тойго барам деп калдыңыз. Кайсы ырларды көп суранышат?
— Бүгүн бешик той экен. Андыктан «Атасынын баласы» деген ырды ырдайм. Анан, албетте, «Буй-буйду» ырдатышат.
— Тойдогу ставкаларыңыз бир топ эле болсо керек?
— Ортодон жогору турат. Көбү сүйлөшкөнгө жараша. Эгер бир ай мурун сүйлөшүп, даталуу күндү белгилесе же алысыраак жакка чакыртса кымбатыраак эле болот.
— Ырларыңыздын арасынан «Буй-буй» бүгүнкү күнгө чейин популярдуулугун жоготпой келет. Сиздин атыңызды таппай калганда «буй-буй байке» деп да калышат. Бирок мен бул ырдын тарыхы кайгылуу деп уктум эле…
— Анан уулдуу боло алдыңызбы?
— Ошондон кийин дагы кыздуу болсом, ал да бир сааттан кийин чарчап калды. Кийин дагы кыздуу болуп атын Аяна койдук. Анан кудайым уул берди. Азыр төрткө чыкты. Балдарымдын улуусу жыйырмага, ортончулары 16-17, кичүүлөрү төрт-бешке чыгып калды. Баягы эгиз кыздарым тирүү болгондо онго чыкмак. Азыр эми күн ысып, суук болуп кетсе дагы тобо кылып турам. Бардыгы Кудайдын буйругу менен аткарылат экен.
— Бирок көбү «Буй-буйду» тойлорго сурай беришет. Ага сиздин көз карашыңыз кандай?
— Ооба, абдан көп сурашат. Анан ырдап жатканда Бактияр байке ичип алган го деп ойлошот экен. Образга кирип, ички-кыймыл аракетти кошуп, ырдын ичине сүңгүп киргенде ошондой көрүнүп калсам керек. Өзүм да сары болгондуктан бат тердеп, кызарып кетем. Бул үчүн кайгыруунун деле кереги жок деп ойлойм. Түштүк тарапта «буй-буй» деп киши өткөндө бир туугандары ыйлап турушат. Биздин аксакалдар «бул жерин алып эле салбайсыңбы» деп айтып жүрүштү. Анан барып отуруп ырдын буй-буйу көп кишиге жагаарын байкадым.
— Ырларыңыздын аталыштары байкасам «Адина», «Айнура», «Айгүл» жана башкалар. Булар чындыгында жашооңузда болгонбу?
— Негизи жигит болгондон кийин сүйүү да болот экен. Мен жашоомдо он бир кызды сүйдүм. Жөн эле сүйүп эмес, аруу сезимдер менен сүйүүмдү арнагам. Анан жетпей калган кыздарыма ыр жаза бердим. «Кыздар ай» деген ырымда сегиз кыздын аты айтылат. Өзүм да романтикмин. Айрым учурда ырлардын аттары өзгөртүлгөн. Негизи жетпей калган сүйүү барктуу болот окшойт. Азыр өзүм жазган эки жүздөн ашуун ыр бар. Бул ырлар элдин эсинде терең калды. Башында чыкканда акындар менен иштешпейсиңерби ырыңар анча болбой жатат деп айткандар болгон. Негизи биринчи обонун жаратып анан кайырмасына кайталанма сөздөрдү издейм. Мисалы «ылдам, ылдам, ылдам, поезд жүрүп барат» деген сыяктуу. Акындар стандарттуу түрдө алты, сегиз муундуу ырларды жазышат. Акындардан айланса болот, алардын да оюн сыйлайм.
— Көп кызга арзууңузду арнап жүрүп анан жубайыңызды кантип таптыңыз?
— «Биз» тобунун көп ырлары популярдуу десем жаңылышпайм. Кайсы ырларды жаратууда кыйынчылыктар жаралган?
— Илгери жылына он ырды бириктирип бир альбом чыгарчу элек. Биринчисин ийгиликтүү чыгарып, экинчи альбомду чыгарууда аябай кыйналып, көпкө издендик. Биз Бек борбиев, Мыктыбек Арстанбек, Мухтар Атаналиев болуп Политехникалык институтта чогуу окуганбыз. Анан «Беки (Бек Борбиев. Автор.) сенин ырларың кандай болуп жатат, меники такыр чыкпай жатат» десем, «меники да жакшы болбой жатат» деди. Ошондо радиодон белгилүү ырчы Высоцкий ичкенде илхамы келет экен деп угуп калдык. Анан бир бөтөлкө, калем сап, гитараны көтөрүп алып Ататүрк паркынын үстүнө тизеден өйдө болгон чөпкө бардым. Кечке отурдум, ичсем ыр деле чыккан жок. Бул илхам келиш да өтө татаал экен. Көрсө ошондо аябай ыр жазгым келиптир. Окшош ырлар болсо да ичим жылыбайт. Дайыма өзүмдөн жаңычылыкты, өзгөчөлүктү талап кылам. Ошол учурда кыйналганым эсимде. Буйрутма берип ыр чыгарган ырчыларга таң калам. Жан дүйнөсүндө тынчтык болсо, кайгылуу ырды аткарышы мүмкүнбү? Мен маселен бирөөгө ыр жазып бере албайм. Бирок айрым учурда актердой кылып куюлуштура ырдын образын ачып бергендер бар. Аларды азаматтар демекчимин.
— «Биз» тобу тууралуу да айта кетсеңиз. Азыр деле чогуу иштешип турасыңарбы?
— Ортодо анча-мынча тыным болгону менен биргеликте эле келе жатабыз. Азыр үч студиябыз бар. Ыр жазалы десек студия, тарталы десек аппарат бар. Колдо бар алтындын баркы жок деген ушул экен. Мурда башкаларды карап «ии менде ушундай аппарат болсо кана, тигилерди карачы, кандай бактылуу адамдар» дечү элек. Жалкоолукпу же эмне, билбейм…
— Ырларыңызды азыр жаштар аткарып жатканына күбө болуп келебиз. Алардын аткаруусу өзүңүзгө жагып атабы?
— Силердин ырларды ырдоо татаал деп жүрүшчү. Азыр жаштар сонун эле кылып ырдап жатышат. Маселен Кайрат Примбердиевди «Поезддеги махабатты» жакшы ырдаган деп айтышат. Мен мисалы ырдап чыккан жаштарды сындай албайм. Бул өтө назиктикти талап кылган эмгек. Ким таланттуу экенин эл өзү тандап алат.
— Ортодо кандайдыр бир макулдашуу, финансы жагы да эске алынабы?
Бактияр токторов биография национальность семья
№553 7-июнь-13-июнь, 2013-ж
Эсиңиздердеби, 90-жылдары Бактияр Токторов дегенде кыздар ичкен ашын коё калып ырларын укчу. Жадакалса ашынган күйөрмандары «өзүбүздү өлтүрөбүз» деп коркутканын да ырчы айткан эле. Бир учурда «Биз» тобунун кассетасы үчүн кыздар менен урушкан Наргиза аттуу күйөрманы азыр кумири Бактияр Токторовдун түбөлүк жарына айланган. 15 жыл бирге түтүн булаткан жан шериктер жашоодогу кызыктары менен бөлүштү.
Бактияр Токторовдун үй-бүлөсү
Баш кошкон датасы – 1998-жыл, 7-ноябрь
Ортосунда 3 кыз, 1 уулу бар
Ортосундагы айырмачылык – 11 жаш
– Бактияр мырза, жубайыңыз Наргиза менен турмуш жолуңуз кандайча байланган?
– Биз, чынында, сүйүшүп үйлөнгөн эмеспиз. Наргиза өзүмдүн эле аяш акемдин кызы. Ал кезде мурунку жубайым Оксана менен ажырашып, эки жылдай бойдок жүрүп калдым. Ошондо эжем Наргиза экөөбүздү тааныштырган. Бир жолу жолуктук, ошондо эле «азыр сүйүшпөйбүз, кийин турмуш курганда сүйүү болот» деп айткам. Ошентип, 2-3 айдан кийин ал окуусун бүткөндө ала качканбыз. Келинчегим мурунтан кыялданып жүргөн экен да, «менин ханзаадам ак тулпарда келет» депчи. Мен да ошондо ак кийинип, ак Жигули менен барып ала качкам.
– Наргиза, өзүңүз жаш болсоңуз, мурун үйлөнгөн, популярдуу ырчыга баш кошуу чочулоо жараткан жокпу?
– Чынын айтсам, аны ойлонбоптурмун деле. Бактиярды көргөндө эле өзүмдү жоготуп, кантип макул дегенимди да билбейм. Кичинекей кезимден тартып Бактиярдын күйөрманы элем, жадакалса кыздар менен кассеталарын талашып урушуп кеткен күндөр болгон. Биринчи жолугушкан күнү да таанышып колун сунса, аны деле байкабай, көздөрүнө арбалыпмын. Ошентип, ата-энем «жашы улуу, үй-бүлөсү бар» дегенине карабай кумириме турмушка чыктым. Бактияр да ошондо эле «сени менен баш кошоюн деп келгем. Өзүң жаш кыз экенсиң, мен мурун үйлөнгөм, эч нерсем деле жок, жөнөкөй жигитмин» деп ачык айткан.
– Турмуш курарда жолдошуңуз сизге кандай талап койду эле?
– Жаңы эле турмушка чыкканда ал жумуштан кечирээк келсе, «Кайда жүрөсүң?» деп сурап жатпаймынбы. Көрсө, ал Бактиярдын эң жаман көргөн суроосу экен. Аябай жини келип, тил угуп калгам. Ошондон кийин ал суроону эч качан бербейм, кандай шарт болсо да, себеби корком. Кээде кайда жүргөнүн билгенде деле көңүлүмө оор тийип калабы деп ойлойм.
– Атактуунун жубайы болуш кыйынбы?
– Ооба, чыгармачыл адамдын жубайы болуш кыйын. Алардын кыялы өзгөчө, жүрүм-турумдары башкача болот экен. Башкалардыкы кандай билбейм, бирок жолдошумдун күйөрман кыздары аябай көп болчу. Сүйүү каттары келет дегендей. Анан да жакпаганы – убакыттын тардыгы. Атабызды жумуштан келгенин аябай күтөбүз. 5 мүнөт биз менен болсо, биз үчүн чоң бакыт.
– Ырчылардын жашоосу бир калыпта болбойт да. Бирде таңда келсе, бирде үйдө болбой калат дегендей. Ошол кездерде ырчыга турмушка чыкканыңызга өкүнүп ыйлаган учурлар болду беле?
– Болгон. Булардын жумушу күн-түн дебей боло берет, үйдө көп турбайт, болсо да жумушу менен алек. «Кайда жүрөт болду экен?» деп кирпик какпай таң атырган күндөр өткөн. Бирок бир да жолу тынчын алып кайдасың деп чалган эмесмин. Анан да жаштык кезде убакытты көбүрөөк бирге өткөрсөк жакшы болмок деп өкүнүп калам.
– Ошончо түнү менен уктабай таң атырсаңыз, келгенде «Кайда болдуң?» деген суроолор болсо керек?
– Чынында, анын жумушуна тоскоол болгум келбейт. Өзү да сүрдүү аябай эле. Кээде четин чыгарып койсом эле түшүнөт. «Сен мага толугу менен ишен» дейт, алдап коёбу, башкабы, аны билбейм.
– «Сүйүү кийин жаралат» деген экенсиз. Сөзүңүз ордунан чыктыбы?
Б.: – Мен Наргизаны жакшы көрсөм деле сыр бербейм. Ал болсо «жакшы көрбөйт окшойсуз» деп көп айта берет. Мен да «айта албайм» деп уялган болуп коём. Адам сүйөм дей берсең да ишенбей калат. Мунун бир нерсеси бар, башка бирөө менен жүрөт окшойт. Чындыкты айтсаң деле шекший бериши мүмкүн. Ошого ортодо жүрөбүз. Мурун гастролдоп кеткенде ыйлап-ыйлап калчу эле. Жашыбыз деле 43төн өтүп калбадыбы. Кемпир болгондо деле сүйөм деп кучактай берген болбойт го. Дасторкон толуп турса көзүң да тоё калат эмеспи. Ошого көп кыздарга барбай калгангабы, азыр токтолуп калгам.
– Көп жыл жашап, бири-бириңиздердин сырыңыздарды жакшы эле билип калсаңыздар керек.
– Ооба, бири-бирибизди жакшы билип калдык. Жадакалса мүнөздөрүбүз да окшошуп, бир учурда бирдей сүйлөп алган күндөр болот. Келинчегим жөнөкөй, түшүнүктүү. Кээде менден да кетип калат, 2-3 күн үйгө келбей калам. Ошондо убактылуу унчукпай калам.
– Таарынышкан учурларда ким биринчи кадамга барат?
Н.: – Таарынып калсам сүйлөбөй коём, өзү аракет кылат. «Ии, 5 мүнөт болду сүйлөбөгөнүңө, ии 10 мүнөт болуп кетти» деп күлдүрө берет. Анан жарашып кетебиз.
– Маегиңиздерге рахмат, бактылуу болуңуздар!

№524 16-Ноябрь-22-Ноябрь, 2012-ж
РАВШАН ТАШМАТОВ
Туулган жылы – 1986-жыл
Туулган жери – Лейлек району
Топто – 2002-жылдан бери, «Ямахада» ойнойт
Үй-бүлөлүү, 1 уулдун атасы
САПАР АЙБАШОВ
Туулган жылы – 1983-жыл
Туулган жери – Лейлек району
Топто – 2002-жылдан бери, клавишачы
Бойдок
АЛМАЗ КУДАЙБЕРДИЕВ
Туулган жылы – 1972-жыл
Туулган жери – Лейлектин Сүлүктү шаары
Топто – 1989-жылдан бери, урма аспапчы
Үй-бүлөлүү, 3 уулдун атасы
КОЖАКМАТ ИСМАИЛОВ
Туулган жылы – 1979-жыл
Туулган жери – Лейлектин Сүлүктү шаары
Топто – 1998-жылдан бери, «Ямахада» ойнойт
Үй-бүлөлүү, 4 уулдун атасы
БАКТИЯР ТОКТОРОВ
Туулган жылы – 1970-жыл
Туулган жери – Лейлектин Коммунизм айылы
Үй-бүлөлүү, 4 кыздын атасы
– Бактияр мырза, алгач 20 жыл мурунку убакка кайрылып, жаштык кезди эстеп кетсеңиз.
– 1989-жыл болчу. Топ ошол кездеги жаштардын табитине, талабына ылайык жаралган. Балдар менен Фрунзе политехникалык институтунда гитара чертип, ырдап жүрчүбүз. Топтун курамына кирген жигиттер «Ак тилек» деген вокалдык-инструменталдык ансамблде ойношчу. Алардын солисти аскерге кеткенде чогуу иштешип, ансамбль түзүү идеясы пайда болду. Алгач Олег Газмановдун, «Таазим» тобунун ырларын аткарып жүрдүк. Ал кезде топтун аты «Кыргызстан» болчу. Тарыхый мааниси болсун деген ой менен «Кыргызстан» деп атаганбыз.
– Анан кайра «Биз» деп аталууга эмне себеп болду?
– Биз дайыма кыргыздын кайрыктарынан каччу элек. «Кыргыздын ырларына бийлей албайбыз?» деп. Бир ирет Мыктыбек Арстанбек да «ырларыңарга топтун аталышы жарашпай калыптыр» деп калды. Анткени биз жалаң сүйүү тууралуу ырдачубуз. Көбүнчө чет өлкөнүн кайрыктарына өзүбүздүн сөздөрдү курап, ырларды жаратар элек. «Биз» деген – эки жаштын сүйүүсү, ынтымак, Куранда Алла Таала да «биз» деп сүйлөйт деп ушул аталышка токтолгонбуз.
– Атактуулукту багынткан эрдиктерден айтып берсеңиз.
– Эң алгач Спорт Ордосунда өткөн «Мыскыл жана тамаша» концертинде эл алдына чыкканбыз. Куудул агабыз Жаныбек Алыкулов «Биз» деген – овация, «Биз» деген – кол чабуулар!» деп бизди чакырган. Ошол сөзү дагы эле кулагыбызда жаңырып турат.
Чынында, музыкага болгон сүйүүбүз аябай күч болчу. Таң атканча ырдап, уйкубуз келгенде ашыкча кыймылдаганга шайыбыз жок, полго жыгылган бойдон уктап калчубуз. Уктасак да кулагыбызга музыка жаңырып турар эле. Жегенибиз – сабиз салат, нан. Гитара көтөрүп алып кыздардын бөлмөлөрүнө барып курсак тойгузганыбыз эстен кетпейт.
1992-жылы эки кассеталуу магнитофондуу болдук. Бир жагына ыры бар, бир жагына бош кассетаны салып, ырды биринен экинчисине жаздырчубуз. Аны 50-60 кылып көбөйтүп, «Ош базарына» алып келип өзүбүз сатабыз. Элдин реакциясын айтайын, өтүп баратып «мунуң кыргызчабы?» деп сурашат. Анткени ал кезде андай динамикалуу кыргызча ырлар жок болчу да. «Үйгө барып угуп көрөйүн, болбосо алып келип берем» деп ишенбегендери канча. 2-3-альбомдорубузду ошентип сатып жүрдүк. Кассеталар эки саатка жетпей өтүп кетчү. Бир демөөрчүдөн 1000 рубль алган элек, анын акчасын бир күндө сатыктан чыгарып бергенбиз.
– Атактуулуктун туу чокусунда жүргөн кездин эмнеси көз алдыңызда калды?
– Көбү айтышат, силер поп музыка боюнча революция жасагансыңар деп. Ийгилигибизди санай кетсек, Кыргызстанда биринчи жолу биз музыкалык альбом чыгарганбыз. 2 күндүк концерт беребиз деп пландасак, аныбыз аншлаг, элдин көптүгү биякта калып, суроолор боюнча 6 күнгө чейин узарып кеткен.
– «Адина», «Айнура», «Элиза» сыяктуу кыздарга арналган ырларыңыз көп. Чын эле баарын сүйдүңүз беле?
– Жок, анын баарын сүйгөн эмесмин. Эң биринчи биз обон чыгарабыз. Анан гана обондун ыргагына жараша кайсы сөз төп келсе, ошол атты коюп «сени сүйдүм, сен карабай койдуң » деп ойдон чыгарып жазып салабыз. Учурунда акындар тарабынан биздин ырларга « кара сөз, уйкашы жок » деген сын-пикирлер да болгон. Бирок акындардын ырлары биздин музыкага туура келбей, элге да сиңбейт экен.
– Бура бастырбай артыңыздардан ээрчип ыйлап жүргөн күйөрмандар да болсо керек.
– Топтун эң красавчиги Алмазбек эле. Ага ашык кыздар кийим да алып беришкен. Ашырбай эле айталы, концерттен кийин « машинанын астына өзүбүздү таштайбыз, өлөбүз » деп коркуткандар болгон. Концерттен чыкканда сөзсүз 15-20 кыз күтүп турар эле.
– Азыркыга чейин топту кантип сактап келатасыз?
– Бизди атыбыздан эч ким деле таанычу эмес. «Биз байке», «Лейлек байке», «Буй-буй байке» деп аташчу. Эч кимибиздин музыкалык билимибиз жок, бирок музыканы бат сиңирип алган касиетибиз бар. Тааныш агалар «билимдүү болсоңор, тротуардан басып каласыңар. Эгер билим албай кетсеңер, башкача агымды жаратасыңар» деп кеңеш беришчү. Көрүп жүргөнүңөрдөй, бир жол менен чектелбей, ар түрдүү ырларды жаратып келатканыбыз деле «Биздин» сакталышына себеп болсо керек.
– Атыңыздар бар, бирок акыркы кезде ыр жазбай, клип тартпай калдыңыздар да.
– Биздин бир касиетибиз бар, башка бирөөлөргө ишибизди таштап коё албайбыз. Мисалы, бирөөгө ыр жаздырып же клип тарттырып дегендей. Анткени жыйынтык биз каалагандай болбой калат. Режиссёрдун «бул бурчка тур, дарактан чыга кал» дей бергени жакпайт. Буюрса, видео жагын өзүбүз өздөштүрүп жатабыз. Клиптерди да эми өзүбүз тартабыз.
– Чыгармачылыкта жүрүп эмне таптыңыз да, эмне жоготтуңуз?
– Ошол кездеги күйөрман кыздарды жоготконубуз эле болбосо. 20 жылдан бери күйөрман таптык, бактыбызды, жашоодогу ордубузду таптык. Жаштыгыбыз жакшы өттү, өтө чоң жоготууга туш болгон жокпуз.
– 20 жылдык мааракеге арналган концертиңиздерде өзгөчөлүк болобу?
– Жалаң жаңы ырларды ырдайбыз дебейбиз. Анткени эски ырларга кызыккандар да көп. Өзгөчөлүгү, 90-жылдары кайра жандандырсакпы дейбиз. «Максат-Баткен», «Нур» топтору келип, ретро концерт болот.
Бактияр Токторов
Видео исполнителя Бактияр Токторов
Источник: YouTube.comРекомендуемые треки
Новости от ZaycevNews
Билли Айлиш снялась в климатической документалке
Билли Айлиш, BLACKPINK и Джейден Смит снялись в документальном фильме о климате «Дорогая Земля». На YouTube вышел трейлер проекта.
Фильм посвящен изменениям климата на планете и призывает к срочным действиям по спасению Земли.
В фильме также примут участие Tinashe, Lil Dicky и GaTa, Anitta, Marsai Martin, Desmond Tutu, Sundar Pichai, генеральный директор материнской компании Google Alphabet, Дэвид Аттенборо, Барак Обама и другие.
Премьера запланирована на 23 октября на YouTube Originals.
Ранее Билли Айлиш резко высказалась против поправки в техасском законодательстве, запрещающей аборты. Свою позицию молодая поп-исполнительница донесла прямо со сцены во время участия в музыкальном фестивале Austin City Limits 2021, который проходил в Техасе. Подробнее о произошедшем читайте на ZAYCEV NEWS.
Обложка: Legion Media
© ООО «ЗАЙЦЕВ.НЕТ», 2004-2021
Средство массовой коммуникации «ZAYCEV.NET».
Выходные данные
125315, г. Москва, ул. Лизы Чайкиной 6
+7 (985) 211-85-11 По общим вопросам:
admin@zaycev.net По вопросам взаимодействия с Правообладателями
e-mail: legal@zaycev.net подписаться на нас: