айдана дека биография сколько лет
Айдана дека биография сколько лет
№725 23-сентябрь-29-сентябрь, 2016-ж
«Аппагым», «Кыздын сыры», «Бакытым» аттуу ырларды аткарган Айдана Дека элге аз да болсо таанылып калды. Кыргыз шоу дүйнөсүндө жаңы чыгып келе жаткан тал чыбыктай буралган көздүү мончок тууралуу билгиңиз келсе бул макаланы окуңуз.
Туулган жылы, күнү – 1996-жыл, 5-октябрь
Бою – 165 сантиметр
Салмагы – 45 килограмм
Билими – Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын эстрада-вокал бөлүмүн аяктаган
Үй-бүлөдө 3 бир туугандын ортончусу, бойдок
– Салам, Айдана! Дека бул фамилияңдын кыскартылганыбы?
– Ооба, сахнага башкача болуп чыккым келген. Концерттерге жаңыдан катышып баштаганда Айдана болуп чыккам. Ырчыларды сахнадан, эфирден тааныштырганда атын, фамилиясын айтканын көрүп, мени чакырса бат эле өтүп кетчүдөй туюлду. Анан Деркембаева деген фамилиямды кыскартып Айдана Дека болуп алдым.
– Апаң дайыма жаныңда жүрөт. Чыгармачылыкка аралашканыңа анын салымы бар болсо керек?
– Апам Искусство институтун бүтүргөн. Ырчы болууга аябай кызыкчу экен. Бирок таенем менен атам каршы болуп ырдабай калыптыр.
11 жашымда телеканалдардын биринде «Волшебная страна» деген долбоорго катышкандан тартып ырчы болууга кызыгуум артты. Эл кол чапса, сахнага чыксам деген кыялдарым күчөй берди. Апам болсо «азыр кичинесиң, окушуң керек» деп бий ийримине катыштырып койгон. Ошентип «Береке» бий ансамблинде бийлеп концерттерге катышып, клиптерге тартыла баштадым. Ырчылардын артында бийлеп жатканда кошулуп ырдай берчүмүн. Сахнага чыкканда да «ушул ырчынын ордунда мен ырдасам, кыздар артымда бийлеп турса» деп кыялдана берер элем. Мектепти аяктагандан кийин Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга тапшырдым.
– Аябай кыялкеч турбайсыңбы.
– Тааныштарыма «мен жеке концерт бергенде сахнага учуп чыгам, сахнаны мындай жасалгалайм» деген кыялдарды айтам. Алар «бизде андай шарт жок, сен чет элдик ырчыларды көрүп айтып жатасың» деп күлүп калышат. Фантазиям дагы күчтүү. Акылга сыйбаган нерселерди ойлоном.
– Кыргыз эстрадасында жаш ырчылар көп. Алардын арасында калбаш үчүн өзгөчөлөнөйүн дейсиңби?
– Чыгармачылыкка жаңыдан аралашып баштаганда мындай кийинем, тигинтип ырдайм дечүмүн. Бирок мен ойлогон нерселер менталитетибизге туура келбегендиктен эже-агаларыбыздай эле болууну туура көрдүм. Бир эле өзгөчөлүгүм – ободок тагынганым. Клиптеримдин баарына кулактары бар ободок тагынып тартылгам. «Өзүнүн кулактары жетишпей жатабы?» деп сындагандар болгон. Элге таанылгандан кийин сын сөзсүз болот тура. «Баарына жаккыдай доллар белем» демекчи, көпчүлүктүн купулуна толуу кыйын. Апам «өзүңө жакса болду, эл айтып-айтып көнөт» деди. Чын эле азыр бул тууралуу сын деле укпайм. Тескерисинче, күйөрман кыздарым бизге белек кылыңызчы деп суранышат. Башында коллекция кылып чогултсамбы дегем. Бирок күйөрмандарымдын жылуу пикирлерине эрип, баарын белек кылып койдум.
– Кийинүү стилиң өзгөчө, стилист менен иштешесиңби?
– Кийимди өзүм тандайм. Базардан, дүкөндөн жаккан буюмумду сатып ала берем. Инстаграмдан да биздин кийимди кийип сүрөткө түшүп бериңиз деп сунушташат. Андайда өзүмө жаккан кийимди алып, дүкөндү жарнамалап берем.
– Сахнада эле жаркылдап жүрөт десе, жашоодо деле шайыр окшойсуң?
– Кайгылуу ыр ырдап, бирөөнүн маанайын түшүргүм келбейт. Мени көргөндө, ырымды укканда элдин маанайы көтөрүлсө деп ойлойм.
– Сени пластикалык операция жасаткан дешет.
– Өспүрүм кезде жакпаган жерлериме пластикалык операция жасатам дечүмүн. Андайда атам «Жараткан берген өң келбетке ыраазы болуу керек. Жакшынакай эле болуп турасың» деп акылын айтчу. Азыр чоңойдум. Андай ойлор жок. Кээде кыздар эриндериме операция жасатам десе кызыгып кетем. Бирок жасатпайм го, ал нерсе күнөө экенин билем.
– Аваз Акимов экөөңөрдү кыз-жигит дешет. Ачык жооп бересиңби?
– Аваз байке мага «жеке концертимди берип жатам, мени менен ырдабайсыңбы» деп сунуштады. Апама айтсам макул болуп «Аппагым» аттуу ырды экөөбүз дуэт аткардык. Тааныштарыбыз «жакшы чыгарма болду, клип тартпайсыңарбы» дей беришкенинен клип тарттырдык. Андан кийин эле экөөбүздү сүйлөштүрүп салышты. «Кыз-жигитсиңерби?» деп сурашкандарга «ооба» деп коёбуз. «Сүйлөшпөй калган турбайсыңарбы?» десе дагы «ии» деп жооп беребиз. Аваз байкени бир тууган агамдай эле көрөм. Анткени ал менин агам Канат Деркембаев менен дос.
– Байкең дагы ырдап жүрчү эле, үй-бүлөң тууралуу да айтып өтсөң?
– Байкем Канат Деркембаев 2007-жылдары ырдап чыккан. Кийин үйлөнүп, бул чөйрөдөн оолактап кетти. Апам мен ырдап жатканда өзүн сахнада жүргөндөй элестетет экен. Апамдын сахнага чыгам деген кыялын ишке ашырып жатканыма кубанам. Атам чыгармачылыгымды колдойт. Иним болсо ырдаганга кызыкпайт.
Персона недели. Певица Айдана Дека
Популярная исполнительница Айдана Дека за короткое время стала узнаваемой не только в Кыргызстане, но и в Казахстане. Она дебютировала с песней «Кыздын сыры», спев которую сразу стала популярной. Впрочем, были у девушки и недоброжелатели, которые советовали ей не петь. Однако она не отказалась от своей мечты и продолжила упорно трудиться. В январе этого года она открыла собственный салон красоты и проявляет себя не только в качестве артистки, но и бизнесвумен. Айдана согласилась ответить на вопросы журналиста редакции Kaktus.media.
— Айдана, на большую сцену вы вышли с песней «Кыздын сыры», которая сразу сделала вас популярной. С тех пор ваша известность только растет. Вы всегда стремились к славе?
— Действительно, мое дебютное выступление было с песней «Кыздын сыры». Это был ретро-концерт, проходили новогодние съемки. После этого все началось. До этого я выступала, снималась, записывала песни, но делала это для себя. Потом я поняла, что хочу серьезно заниматься этим. Начала учиться на музыканта и параллельно стремилась быть в шоу-бизнесе и выступать под своим псевдонимом. У меня не было цели стать известной исполнительницей. У меня не стояла в приоритете популярность, я просто хотела петь и танцевать на сцене.
Публикация от Айдана Дека👩🏻🎤 (@aidana_deka_official) 21 Дек 2018 в 7:48 PST
— Перед интервью я поговорил с вашими знакомыми и коллегами и попросил охарактеризовать вас одним словом. Большинство из них сказали: «Трудолюбивая». Вы согласны с такой характеристикой?
Публикация от Айдана Дека👩🏻🎤 (@aidana_deka_official) 18 Дек 2018 в 7:37 PST
— Один из казахстанских журналистов, делая репортаж о вашем творчестве, сказал, что жанр, в котором вы работаете, называется KgPop. Можете рассказать о нем подробнее?
Публикация от Айдана Дека👩🏻🎤 (@aidana_deka_official) 20 Дек 2018 в 8:36 PST
Я получаю вещи бесплатно благодаря Instagram — история бишкекчанки
Айдана Дека потихоньку становится одной из самых популярных в кыргызстанских соцсетях. Молодая певица рассказала про изнанку инстаграм-жизни.
Ежедневно за жизнью певицы Айданы Дека в Инстаграме следят 627 тысяч человек — каждый десятый кыргызстанец. Эта 22-летняя девушка превратила свою страничку в бизнес: один ее пост обходится рекламодателям в сумму от 100 до 300 долларов.
«Если честно, деньгами я беру редко, лучше взять одеждой. Инстаграм помогает мне меньше тратиться: все, что нужно, я нахожу там», — рассказывает девушка.
Впрочем, сейчас задача у звезд соцсетей значительно усложнилась: рекламодателям уже недостаточно просто увидеть свой товар на популярной страничке.
«Это раньше я могла надеть на себя какое-то платье и подписать, в каком магазине оно продается. Сейчас люди стали требовать креатива. Так что приходится изобретать что-то новое: не просто держать в руках какую-нибудь косметическую новинку, а пробовать ее на себе перед камерой», — улыбается Айдана.
У девушки было обычное детство: школа в Бишкеке, музыкальное училище имени Куренкеева, родители, которые не стали принуждать поступать на экономический.
«Суперкрасавицей я себя не считала никогда: в школе была обычным середнячком. К 9-му классу у меня развились комплексы, ведь другие девочки такие красивые, фигуристые, а я не такая, худая. Это сейчас понимаю, что достаточно привлекательна», — рассуждает певица.
В Инстаграме ей нередко пытаются доказать обратное. В ленте девушки много оскорбительных комментариев: «счастливые матери и жены» пишут молодой певице, что она «фу» и «ужас». Хейтеры — обычное дело для звезд соцсетей.
«Если честно, меня это обижает. Вообще, я люблю поболтать со своими подписчиками, всегда сама отвечаю на сообщения. Правда, иногда девушки становятся слишком активными и просто закидывают меня вопросами. Я иду на хитрость и «признаюсь», что на самом деле они общались с администратором Айданы, а не со мной. Тогда они перестают писать», — откровенничает девушка.
Столь внушительная армия поклонников создавалась в течение шести лет. Ежедневно количество подписчиков увеличивается на тысячу. Инстазвезд часто обвиняют в том, что они накручивают подписчиков и на самом деле их аудиторию составляют боты, а не реальные люди.
Айдана дека биография сколько лет
№725 23-сентябрь-29-сентябрь, 2016-ж
«Аппагым», «Кыздын сыры», «Бакытым» аттуу ырларды аткарган Айдана Дека элге аз да болсо таанылып калды. Кыргыз шоу дүйнөсүндө жаңы чыгып келе жаткан тал чыбыктай буралган көздүү мончок тууралуу билгиңиз келсе бул макаланы окуңуз.
Туулган жылы, күнү – 1996-жыл, 5-октябрь
Бою – 165 сантиметр
Салмагы – 45 килограмм
Билими – Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын эстрада-вокал бөлүмүн аяктаган
Үй-бүлөдө 3 бир туугандын ортончусу, бойдок
– Салам, Айдана! Дека бул фамилияңдын кыскартылганыбы?
– Ооба, сахнага башкача болуп чыккым келген. Концерттерге жаңыдан катышып баштаганда Айдана болуп чыккам. Ырчыларды сахнадан, эфирден тааныштырганда атын, фамилиясын айтканын көрүп, мени чакырса бат эле өтүп кетчүдөй туюлду. Анан Деркембаева деген фамилиямды кыскартып Айдана Дека болуп алдым.
– Апаң дайыма жаныңда жүрөт. Чыгармачылыкка аралашканыңа анын салымы бар болсо керек?
– Апам Искусство институтун бүтүргөн. Ырчы болууга аябай кызыкчу экен. Бирок таенем менен атам каршы болуп ырдабай калыптыр.
11 жашымда телеканалдардын биринде «Волшебная страна» деген долбоорго катышкандан тартып ырчы болууга кызыгуум артты. Эл кол чапса, сахнага чыксам деген кыялдарым күчөй берди. Апам болсо «азыр кичинесиң, окушуң керек» деп бий ийримине катыштырып койгон. Ошентип «Береке» бий ансамблинде бийлеп концерттерге катышып, клиптерге тартыла баштадым. Ырчылардын артында бийлеп жатканда кошулуп ырдай берчүмүн. Сахнага чыкканда да «ушул ырчынын ордунда мен ырдасам, кыздар артымда бийлеп турса» деп кыялдана берер элем. Мектепти аяктагандан кийин Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга тапшырдым.
– Аябай кыялкеч турбайсыңбы.
– Тааныштарыма «мен жеке концерт бергенде сахнага учуп чыгам, сахнаны мындай жасалгалайм» деген кыялдарды айтам. Алар «бизде андай шарт жок, сен чет элдик ырчыларды көрүп айтып жатасың» деп күлүп калышат. Фантазиям дагы күчтүү. Акылга сыйбаган нерселерди ойлоном.
– Кыргыз эстрадасында жаш ырчылар көп. Алардын арасында калбаш үчүн өзгөчөлөнөйүн дейсиңби?
– Чыгармачылыкка жаңыдан аралашып баштаганда мындай кийинем, тигинтип ырдайм дечүмүн. Бирок мен ойлогон нерселер менталитетибизге туура келбегендиктен эже-агаларыбыздай эле болууну туура көрдүм. Бир эле өзгөчөлүгүм – ободок тагынганым. Клиптеримдин баарына кулактары бар ободок тагынып тартылгам. «Өзүнүн кулактары жетишпей жатабы?» деп сындагандар болгон. Элге таанылгандан кийин сын сөзсүз болот тура. «Баарына жаккыдай доллар белем» демекчи, көпчүлүктүн купулуна толуу кыйын. Апам «өзүңө жакса болду, эл айтып-айтып көнөт» деди. Чын эле азыр бул тууралуу сын деле укпайм. Тескерисинче, күйөрман кыздарым бизге белек кылыңызчы деп суранышат. Башында коллекция кылып чогултсамбы дегем. Бирок күйөрмандарымдын жылуу пикирлерине эрип, баарын белек кылып койдум.
– Кийинүү стилиң өзгөчө, стилист менен иштешесиңби?
– Кийимди өзүм тандайм. Базардан, дүкөндөн жаккан буюмумду сатып ала берем. Инстаграмдан да биздин кийимди кийип сүрөткө түшүп бериңиз деп сунушташат. Андайда өзүмө жаккан кийимди алып, дүкөндү жарнамалап берем.
– Сахнада эле жаркылдап жүрөт десе, жашоодо деле шайыр окшойсуң?
– Кайгылуу ыр ырдап, бирөөнүн маанайын түшүргүм келбейт. Мени көргөндө, ырымды укканда элдин маанайы көтөрүлсө деп ойлойм.
– Сени пластикалык операция жасаткан дешет.
– Өспүрүм кезде жакпаган жерлериме пластикалык операция жасатам дечүмүн. Андайда атам «Жараткан берген өң келбетке ыраазы болуу керек. Жакшынакай эле болуп турасың» деп акылын айтчу. Азыр чоңойдум. Андай ойлор жок. Кээде кыздар эриндериме операция жасатам десе кызыгып кетем. Бирок жасатпайм го, ал нерсе күнөө экенин билем.
– Аваз Акимов экөөңөрдү кыз-жигит дешет. Ачык жооп бересиңби?
– Аваз байке мага «жеке концертимди берип жатам, мени менен ырдабайсыңбы» деп сунуштады. Апама айтсам макул болуп «Аппагым» аттуу ырды экөөбүз дуэт аткардык. Тааныштарыбыз «жакшы чыгарма болду, клип тартпайсыңарбы» дей беришкенинен клип тарттырдык. Андан кийин эле экөөбүздү сүйлөштүрүп салышты. «Кыз-жигитсиңерби?» деп сурашкандарга «ооба» деп коёбуз. «Сүйлөшпөй калган турбайсыңарбы?» десе дагы «ии» деп жооп беребиз. Аваз байкени бир тууган агамдай эле көрөм. Анткени ал менин агам Канат Деркембаев менен дос.
– Байкең дагы ырдап жүрчү эле, үй-бүлөң тууралуу да айтып өтсөң?
– Байкем Канат Деркембаев 2007-жылдары ырдап чыккан. Кийин үйлөнүп, бул чөйрөдөн оолактап кетти. Апам мен ырдап жатканда өзүн сахнада жүргөндөй элестетет экен. Апамдын сахнага чыгам деген кыялын ишке ашырып жатканыма кубанам. Атам чыгармачылыгымды колдойт. Иним болсо ырдаганга кызыкпайт.
Айдана дека биография сколько лет
№966 10-16-июнь, 2021-ж.
Ачык, жарык, адам. Биринчи жолу андан 5 жыл мурун “Жигиттер, чапкыла!” рубрикасына маек алгам. Анда чыгармачылыкка жаңы аралаша баштаган кези болчу. Көп өтпөй шоу-бизнес айдыңында Айдана Дека деген ысым популярдуу болуп калганда көздүү мончокту Аваз Акимов деген азамат илип кетти. Учурда экинчи жолу кош бойлуу болуп, чырайы артып турган Айдана Дека кезектеги каарманыбыз.
– Салам, Айдана! Экинчи жолу эне болгону жатасың, куттуктайм! Балага канча ай болуп калды?
– Салам. Канча болгону сыр бойдон калсын. Бул ашыкча маалымат болуп калат экен. Экинчи жолу кош бойлуу болгонумду көз жарып алгыча айтпай, “Аваз менен Айдана экинчи наристелүү болушту” деген жаңылык менен бөлүшөйүн дегем. Бирок сүйүнүчүм коюнума батпай, күйөрмандарым менен бөлүшкүм келип айтып чыктым. Кудайга шүгүр, чоңоюп жатабыз.
– Кош бойлуу кезде айымдар бир аз жүдөй түшүшөт эмеспи. Сен мурдагыдан да чырайлуу болуп калыптырсың. Жеңил көтөрүп жатат окшойсуң?
– Кош бойлуу жүргөн мага жагат. Табиятымдан арык болгондуктан, боюмда бар кезде бир аз толуп калам. Эт байлап, көзгө толумдуу болуп калганыма сүйүнүп, күзгүдөн өзүмдү карап кубана берем. Экинчи жолу эне болууга камынганыма да ошол себеп болду окшойт. Кош бойлуулугум, көз тийбесин, жеңил өтөт. Токсикоз болбойм.
– Эмнеге талгак болуп, жегиң келип жатат?
– Аваз жакында берген маегинде “Айдана кош бойлуу кезинде ыйлаак болуп калат” деди эле. Буга эмне себеп болушу мүмкүн?
– Негизи “дерзкаямын”. Бирөө бир нерсе десе дароо жооп кайтара калам. Кош бойлуу кезимде деле бирөө менен урушуп кеткенде жооп кайтарам деңизчи, бирок мурункуга караганда таарынып жооп берем. Мурда үнүмдү бийик чыгарып урушсам, азыр сөз көтөрө албай таарынып, ыйлагым келип кетет. Бирок өтө деле таарынчаак, ыйлаак эмесмин. Ошентсе да маал-маалы менен андайлар болуп турат. Аваз “ушул мүнөзүң жагат. Эркелеп, таарынсаң кичинекей кыздай болуп каласың” дейт. Ушундай болуш керек экен деп бул сөзүн кулагыма түйүп койдум (күлүп).
– Уул же кыз? Кимисин көбүрөөк күтүп жатасыңар?
– Кудайдын буюрганы. Биз кызды да, эркекти да сүйүнүп тосуп алабыз. Эч кандай айырмасы жок.
– Тун кызыбыздын жынысын билерибиз менен дароо күйөрмандарга жарыялап салганбыз. Бул жолу көз жаргандан кийин чыгаралы деп чечтик. Элдин ашыкча көңүл буруусун каалабай эле турам. Шоу кылып, пиар кылгым келбейт. Болгону “куттуктап койсоңуздар болот” деп бир сүрөт чыгарып, ал теманы көз жарып алгыча жаптым. Көпчүлүк “чын эле боюңда барбы? Бул эски сүрөтпү?” деп сурап жатышат.
Кош бойлуу кезимди сүрөттөргө калтырыш үчүн фотосессия көп кылып жатам. Буюрса, ал сүрөттөрдү аман-эсен көз жарып, колумду боорума алып алгандан кийин шашпай чыгарам. Кош бойлуу учур кандай өткөнү тууралуу кенен айтып берем. Анткени катталуучуларымдын көбү жаш энелер. Аларга кызык болуп, күтүп жатышса керек. Баары өз убагы менен болот.
– “Гендер пати” кылдыңарбы?
– Биринчи наристебиздин жынысын билерде УЗИге курбу кызымды алып алгам. Врач жынысын ага эле айткан. Ал шариктерди даярдап, “Гендер пати” уюштурган. Жынысы Аваз экөөбүзгө тең сюрприз болгон. Бул жолкусунда жынысын биринчи өзүм билдим. Командамдын жардамы менен Авазга сюрприз уюштурдук. Ал видеону да убагы келгенде чыгарам.
– “Удаасынан балалуу болуу кыйын болот экен” деп жаш энелер айтып калышат. Буга моралдык жактан даяр болуп калдыңбы?
– Балдарымдын ортосу 3 жаш болсо деген ой бар эле. Бирок кызым оюнчуктары менен жалгыз ойноп жатканын көрүп боорум ооруду. Эмнегедир дароо балалуу болсок деген ой, кыял пайда болду. Жалгыз болбой, удаа чоңоё беришсин дедик. Жолдошум, жакындарым колдобосо даяр болмок эмесмин. Айрыкча жолдошум колдоо көрсөткөнү үчүн моралдык жактан даяр болдум. Бул жаңылыкты сүйүнүп кабыл алдым.
– Чыгармачылыктан тышкары бий студиясы, сулуулук салонунда иш алып барасың. Андан тышкары жолдошуңа, кызыңа, кайын журтуңа көңүл бурганга жетишип жатасың. Бул жеңил болбосо керек?
– Чыгармачылыкта, салондо, бий студияда командам бар. Аларды бири-бирине такыр аралаштырбайм. Өз иштерин гана аткарышат. Үйдө көбүрөөк жатып калганда өзүмдү жалкоо адам катары сезем. Баарына оңой жетишип жатам деп айта албайм. Бирок өзүмө жаккан ишти кылып жатканга анчалык оор эмес. Эгерде мага аркалап жаткан ишим ырахат алып келбей калса, кызыгым тарап кетсе, ал ишти эч ойлонбостон жаап, башка тармактан өзүмдү издешим толук мүмкүн. Бий, сулуулук жааты, өзүмдүн чыгармачылыгым. Азыр мага ушул тармактар жагып жатат. Бизнес мен үчүн акча табуу булагы эмес. Бул фактор үчүнчү орунда турат. Апам “ишкердик акча гана эмес, башка адамдарга да пайда алып келиши керек. Бий студияң кыздарга сапаттуу бий үйрөтүшү зарыл. Сулуулук салонуң кардарларды нааразы кылбашы керек” дейт. Чындыгында, эптеп эле бий үйрөтүмүш болуп акча табам десең ал иш көпкө барбайт. Сапаттуу иш алып барып жатканыбыз үчүн бий студиям 6 жылдан бери иштеп жатат. Сулуулук салонумда деле ошондой принцип бар. Салондун процедуралары кымбат эмес. Айдана Деканын салону десе эле кымбат элестетишет. Бирок андай эмес, жадакалса айрым кызматтарыбыз башкаларга салыштырмалуу арзан. Эң башкысы, кардарга макияж, причёска жагыш керек. Жактырып кайра келсе бул мен үчүн жеңиш. Демек, салонумда сапаттуу иш жүрүп жатыптыр деп жан дүйнөм тынч болуп, тапкан акчам да буюрат.
– Кыялыңда дагы эмнелер бар?
– Бул кыялым ишке ашабы же жокпу, билбейм. Эне болгондон бери кичинекей балдардын кийимине кызыгып калдым. Бишкекте 1-2 жерде эле сапаттуу, саркеч дүкөн бар экен. Акыркы кезде кызыма кийим таппай кыйналдым. Айла жок чет өлкөдөн буюртма берем. Ал ыңгайсыз, кийимдер келгиче балаң чоңоюп кетет. Ошондуктан саркеч, апасы менен баласы окшош кийингенге мүмкүн болгон дүкөн ачууга кызыгып жүрөм.
– Кыялың орундалсын! Үй-бүлөңөрдө жазылбаган принциптер барбы?