асель эшимбекова биография жана уй булосу
Асель эшимбекова биография жана уй булосу
№547 26-апрель-2-май, 2013-ж
«Махабат дастанындагы» Бегимайды, «Сүйүү закымдарындагы» Алтынбүбүнү элестетип алып Асел Эшимбекованы издеп келгем. Телефон аркылуу
байланышканымда мен элестеткен Бегимайдын эмес, жашы 50гө чамалап калган аялдын үнүн уктум. «Билинбей убакыттын учканын кара» деп ичимден катуу кейип турдум. Энеси Таттыбүбү Турсунбаева чолпондой жанып турган убагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтпады беле?! Элибиз «кызы актрисанын ордун жоктотпойт» деп турганда белгилүү ишкер Урмат Барыктабасов илип кетти. Ошондо айрымдар «туура кылды, болбосо ар ким сулуулугуна көз артып отуруп энесинин тагдырын кайталап калмак» деп чыгышкан эле.
«ООКАТ ДЕП ЖУЛУНБАЙМ»
– Асел айым, азыркы турмушуңуз туурасында кеп салсаңыз, үй кожойкесисизби же бизнес-леди болуп кеттиңизби?
-Урмат экөөбүздүн чогуу жашаганыбызга 20 жылга чукулдап калды. Ушул аралыкта бир да жолу иштеген жокмун, үй кожойкеси элемин. Муктаждык болбогондуктан иштегим келбейт, жулунбайм дагы. Айрымдар канчалык бай болсо деле жан талашып иштеп жүрүшөт, менде андай сапат жок экен.
– Балдарыңыздын улуусу канчага чыгып калды?
-Улуубуз Кубат 17 жашта. Экинчибиз Алтынай 15те, «Айчүрөк» кыздар-түрк лицейинде окуйт. Кичүү кызым Алия 11де, Кубат экөө борборубуздагы №24-мектепте билим алышат. Балдарымдын баары кичинесинен жеке менчик бала бакчаларга, мектепке өзүнүн айдоочулары менен барышты. Ошол себептен болсо керек, азыр үчөө тең шаарды жакшы билишпейт. Анын үстүнө атабыз балдарды катуу кармайт, «көчө таптагандан көрө окугула » деп турат. Улуубуз бой жетип калбадыбы, кээде « апа, ушундай кантип болсун, мен деле достор менен эки жакка басышым керек » дейт. Ага деле болбойбуз.
– Жолдошуңуз камакта отуруп чыкты. Ошондо ким жардам берип жатты?
-Материалдык жактан эмес, моралдык жактан абдан чүнчүдүк. Балдарымдын жүрөгү оорубасын деп алгач айткан эмесмин. Ошол маалда теледен байма-бай айтылып, менден эмес, теле аркылуу билишти. Жолдошумду саясатчы эмес, балдарымдын атасы, өмүрлүк жарым катары көргүм келет.
Урматтын үй-бүлөсү эч нерседен коркпогон адамдар. Кайненем 70ке чыкты, дагы деле күүлүү-күчтүү, өз кафесин иштетет. Кайын журтум менен күнүгө митингге чыгып, « бошоткула » деп жаттык. Көлдөн, Нарындан, Оштон талапташтары келишти, баарына рахмат. Кудай бар экен, бир жылдан кийин сот залынан коё берилди.
«АТА-ЭНЕДЕН АЖЫРОО – ОРДУ ТОЛГУС КУСАЛЫК»
– Жолдошуңуз балдарын го катуу кармайт экен, сиздичи?
-Мени өмүрлүк жары катары жакшы көрүп, сыйлап-урматтап турат. « Балалуу болгон соң сүйүү балдарга өтүп кетет » деп коюшат го. Азыр мен балдарым үчүн жашайм, бирок Урматка болгон сүйүүм деле өчкөн жок. Бизди бардык жагынан камсыз кылып турган, түшүнүктүү адамды кантип сүйбөй коё аласың?!
– Сизди сүйүү эмес, коркутуу жолу менен алган дешет?
-Болбогон сөз. Эки жыл сүйлөшүп жүрүп эле баш коштук. Мени тасмалардан көрүп сүйүп калып, 10 жыл издептир. Таба албай башкага үйлөнүп, бир уулдуу болгондон кийин ажырашып кетишкен экен. Ошондо тааныштарына « Аселди таап берсеңер, бир машина берем » дептир. Бир күнү курбуларым менен ресторанда диплом жууп отурганбыз. Ленинграддагы театралдык музыкалык кинематографисттер институтун жалаң «5» менен аяктап келгем. Анан эле официант бир тал гүл алып келип берди. Гүлдү көрүп, көп күйөрмандарымдын бири болсо керек дедим. Анан эле гүлдүн саны улам көбөйүп бара жатты. Аңгыча « Урматтын атынан » деп мага ыр да арналды. Ал жерден чыгып, такси менен үйгө кетип калсам, артымдан акмалап келиптир, ошентип таанышып калганбыз.
Урмат « Асел шаарда өскөн кыз. Анын үстүнө Таттыбүбүнүн кызы мени карабаса керек » деп мага көрүнүүнүн жолдорун издеп, алдына миллионер болом деп максат койгон экен. Мени менен таанышкан учурда бутуна бекем турган миллионер болчу. Эл советтик машина тээп жүргөндө Урмат чет элдикин минчү.
– Сиз анда байлыгына кызыгыптырсыз да?
-Жок, андай эмес. Мага биринчи кезекте Урматтын жан дүйнөсү жакты. Ошол маалда атамдан айрылып, дүйнөм тарып турган кез эле. Ата-энеден ажырап томолой жетим калуу – бала үчүн орду толгус кусалык. Урматтын чын жүрөктөн мага болгон сүйүүсү, жылуу сөздөрү жашоомо жарык берди.
«АТАМ МЕНЕН АПАМ БИРИ-БИРИН КАТУУ СҮЙҮШКӨН»
– Атаңыздан канча жашыңызда айрылдыңыз?
-Апамдын каза болгонуна он жыл болгондо атам да бул жарык менен коштошуп кете берди. Анда мен жыйырма үчтө элем.
– Ата-энеңиз эки башка жашап жатканда апаңыздын дүйнө салганын билем. Ошондо кимдин колунда калдыңар?
-Экөө сегиз-тогуз жыл чогуу жашашты. Ажырашкандарына жети жыл болгондо апам көз жумду. Апамдын өлүмү азыркыга дейре табышмак. Анткени эч качан « бир жерим ооруп турат » деп өзүн жаман сезген эмес. Сопсоо туруп эле бир заматта бизди таштап кеткени – өмүрүмдөгү эң чоң арманым. Өз ажалы менен кеткенине толук күмөнүм бар. Медициналык экспертиза жасалса, билинмек беле, андай да болгон эмес. Мен болгону 13тө болсом, медэкспертиза жөнүндө түшүнүгүм жок болчу да. Атам бизге кайрылып келип, апамдын театрдан алган үйүндө чогуу жашап калдык.
– Ошол үй азыр деле барбы?
-Ооба, азыр деле бар. Логвиненко менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде. Иниме бергенбиз, « апамдын үйү деп сакта, сатпа » деп. Инимдин аракети менен үйдүн бурчунда «бул үйдө Таттыбүбү Турсунбаева жашаган» деген тактайча азыр да илинип турат.
– Ата-энеңиз эмне себептен ажырашып кетишкен экен?
-Кызганыч себеп болсо керек. Ак куудай созулган, сулуу жүздүү, дайыма эл көзүндө болсо, күйөрмандары толтура да. Анын үстүнө көп убактысын театрга арнаса, мындай аялзаты эркектерге жакпайт да. Бирок бири-бирин катуу сүйүшкөн. Атам Имаш Эшимбеков дагы мыкты актёр болгон. Экөө Ташкенттеги театралдык институтта бирге окушкан. Апам атам менен таанышкан күнүн бизге жомок кылып көп айтып берер эле. « Кара тору, чачы тармал, көздөрү бакырайган жигит тепкичтен ылдый түшүп келе жатты, мен аны бир көрүп сүйүп калдым. Ал эми атаңар болсо мени көптөн бери ичинен жактырып, таанышуунун айла-амалын издеп жүрүптүр » дечү. Баса, апамдын театрдагы ойногон биринчи ролу Чыңгыз Айтматовдун «Кызыл жоолук жалжалым» чыгармасындагы Аселдин ролу болуптур. Атам ошон үчүн менин атымды Асел койгон экен.
«АПАМДЫН ОРДУН БАСА АЛБАЙМ»
– Таттыбүбү эже үй-бүлөнү эмес, театрды тандаган. Сиздерге жетишерлик мээрим бере алдыбы?
-Апам өзү эңсегендей, каалагандай жашады. Ал кайрадан жаралса деле театрды тандамак болсо керек. Анткени ал театр үчүн төрөлгөн адам. Театрсыз жашай албайт. Ошондуктан апамды күнөөлөбөйм. Ал өзүнө өлбөс-өчпөс эстелик тургузуп кетти. Ыраазымын элиме, дайыма апам жөнүндө айтылып, жазылып, эскерилип келет.
– Эл көзүнө таанылып калгандан кийин актрисалык кесибиңизди эмнеге таштап салдыңыз?
-Үй-бүлөнү же кесибимди тандаш керек болду. Эгер жолдошум да актёр болсо, анда экөөнү бирдей алып кетишим мүмкүн эле. Атам дайыма менин театрды тандашыма каршы болду. Анын үстүнө мен апамдай таланттуу эмесмин. Жараткан ролдорун мен ойносом, анчалык ачып бере алмак эмесмин. Жана да мен апамдай сулуу эмесмин, ошондуктан таштадым.
– Сизди биринчи көргөнүмдө ичимден жапалдаш турбайбы деп ойлодум, Таттыбүбү эже узун бойлуу беле?
-Апам узун бойлуу, ак жуумал, моюну койкойгон, мүчө-келбети кол менен жасап койгондой сулуу эле. Маралдай кериле басчу, а меники эркектердин эле басыгы. Моюнум кыска, сиз айткандай, боюм да кыска, кара торумун. Келбет жагынан да, мүнөз жагынан да атамды тарткам. Апам бирөөгө жок деп айтып көңүлүн оорутчу эмес. Мен болсо жок же ооба дейм да, айтканымды бербейм. Ошон үчүн апама караганда көпкө жашасам керек деп ойлойм. Мына азыр 46дамын. Апам байкуш « ак көңүлдүн аты арыбайт, аты арыса да өзү жарыбайт » болуп 37ге араң чыкпадыбы. Таттыбүбүнүн кызы десе эл укмуш бир айдай сулууну элестетишет. Ким кандай жагынан карабасын, апамдын ордун баса албасымды билип уялам. Ошондуктан көпчүлүктүн көңүлүн иренжитип албайын деп маалымат айдыңынан качып турам.
«КЭЭДЕ ТАСМАГА ТАРТЫЛГЫМ КЕЛЕТ»
– Тасмага роль жараткыңыз келеби?
-Келет, кээде кадимкидей сагынып кетем. Бирок жаштык өтүп кетти. Мен жаштыгымды балдарыма арнадым.
– Балдарыңыздын ичинен таенесин тартчулары барбы?
-Атабыз « үйдө бир актриса бар » деп тамашалап мага тийишип калат. Кичинекей кызымдын сүрөт тартып калганын эске албаганда, балдарымдын ичинен искусствого кызыкканы жок. Атасы жагына кетишкен окшойт, бизнеске ыкташат. Апамдын жолун инимдин кызы жолдошу мүмкүн. Искусствого кызыгарын, өзү да ошол жакка жакын экенин байкап калам. Иним Канат жөнүндө айтсам, Медициналык институттун стоматология бөлүмүн бүтүргөн. Жолдошумдун жардамы аркылуу жеке ишкерлик менен алектенип, элибизди эшик, терезе менен камсыздап келет. Үч эркек, бир кыздын атасы. Апамды ошол иним тарткан. Келбетинен апамдын элесин табууга болот.
– Турсунбаеванын музейи, эстелиги барбы?
-Кичи мекени Чаектеги өзү окуп бүткөн мектепке аты берилген. Жана да ал мектепте апам менен чогуу бир катар белгилүүлөрдүн сүрөттөрү, буюмдары сакталган музей бар. Борборубуздагы бир көчөгө ысымы да ыйгарылган. Ал эми сөөгү коюлган Чоң-Арык көрүстөнүнө эстелик көп өтпөй эле коюлган. Жетимиш жылдыкка карата өзү иштеген Кыргыз драма театрынын бет маңдайына апамдын айкелин жакында тургузганы жатабыз, буюрса. Бул иштин башында Нуркан таякем турат.
– Эже менен Чыңгыз Айтматовдун ортосунда сүйүү болгон дешет, байкадыңыз беле?
-Апамды Чыңгыз агабыз гана эмес, ошол кездеги белгилүүлөрдүн баары жакшы көрүшчү. Айтматов менен апамды чыгармачылык байланыштырчу, ошол себептен абдан жакшы достордон болгонун билем. Дайыма ал-акыбалыбызды сурап телефон чалып турчу. Балким, артынан чуркаса чуркагандыр, бирок экөөнүн мамилеси достук чектен ашкан эмес.
– Актриса Айжан Акылбекова сизди бөлөм дейт. Таттыбүбү Турсунбаева канча бир тууган эле?
-Таятамдын биринчи аялынан төрт эркек, бир кыз болгон. Таякелерим Жумгалбек, Нуркан, Социалбек, Имамады жана апам. Экинчи аялынан да беш бала. Айжан экинчи аялынын Айгүл деген кызынын кызы.
– Атактуу актрисанын жетимиш жылдыгын белгилейли деп жатыпсыздар, даярдык кандай?
-Апам тирүү болсо 2014-жылдын 12-июлунда 70ке чыкмак. Жетимиш жылдыкты республикалык деңгээлде өткөрүүнү пландап, даярдык көрүүдөбүз. Апамдын күйөрманы Ракыя деген журналист эже китеп жазып жатат. Документалдык фильм тартуу үчүн даярдык көрүлүүдө. Апамдын атындагы Нуркан таякем ачкан фонд бар. Ал фонд да көп иштерди ишке ашырат. Эгер жетишип калсак, музей ачсак деген ойлорубуз бар. Сулуулар сынагын да өткөрөбүз, буюрса. Бул чоң долбоордун башында жолдошум турат.
– Маегиңизге рахмат, бар болуңуз.
«Супер-Инфо» гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу «Супер-Инфо» гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.